www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат ата-энесинин камкордугусуз калган кичинекей балдар (2 жашка чейин) жашаган "Центральный" үй-бүлөлүк билим берүүгө көмөк көрсөтүү борборуна барып, наристелердин абалы менен таанышып кайтты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Элчи кыргыз балдарынын ден-соолугунун абалы, аларды кармоо шарттары, наристелерди Кыргыз өлкөсүнө алып келүүдө чечилиши керек болгон маселелер менен таанышты. "Центральный" үй-бүлөлүк билим берүүгө көмөк көрсөтүү борборуна балдар үчүн жеке гигиена каражаттары түрүндө жардам көрсөтүлдү. Борбордун директоруна балдарды тарбиялоодогу баа жеткис эмгеги жана асыл миссиясы үчүн ыраазычылык каты тапшырылды", - деп айтылат билдирүүдө.
Элчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу өкүлдөрү жок, ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек жарандардын укуктарын коргоо маселелерине, ошондой эле аларды өлкөгө кайтаруу жол-жобосун жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл бурат.
Булак: NazarNews.kg