www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бундестагдын депутаты Карин Стренц Кубадан Германияга учуп бара жаткан учакта болгон окуядан кийин каза болду.
Стренц Бундестагдын башкаруучу Христиан-демократиялык союз партиясынан мүчө болгон. Анын өлүмүн Бундестагдагы кесиптеши Лаут Реберг тастыктады. Стренц учуу маалында эсин жоготуп, учак Дублинде авариялык конуу жасаган, бирок саясатчыну куткаруу мүмкүн болгон эмес.
53 жаштагы Стренц 2009-жылдан бери Бундестагда иштеп келген жана коргоо комитетинин мүчөсү болгон. 2020-жылы Азербайжандын кызыкчылыгын көздөгөн лоббизмге шектелип, анын айланасында коррупциялык жаңжал чыккан, учурда иш прокуратура тарабынан тергелип жатат. Чуулгандуу окуялардын фонунда Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы анын сессияларына катышуусуна тыюу салып, Бундестагдын президиуму аны 20 миң евро айыппул төлөөгө мажбур кылган.
Булак: NazarNews.kg