www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Р.Казакбаев Түркия Республикасынын тышкы иштер министринин жаңы дайындалган орун басары Али Озел менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы деңгээлин жогору баалап, эң жогорку жана жогорку деңгээлдерде өз ара сапарларды уюштуруу жана тышкы саясат ведомстволорунун ортосунда консультацияларды өткөрүү пландарын белгилешти.

Элчи Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясий жана экономикалык реформалар тууралуу кеңири маалымат берди.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын өз ара саякаттоо жана аймактарында жүрүп туруу маселелерин, анын ичинде жашоо шарттарын жөнөкөйлөтүү жана визасыз режимдердин мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн кеңири талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы көп тараптуу платформалардагы кызматташуу маселелери да кеңири талкууланды.

Последние новости