www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элчилик Кыргыз жарандарына Орусиянын айрым шаарларына 1-июндан 12-июлга чейин келбей турууну сунуштоодо (тизме) Кыргыз Республикасынын Орусиядагы Элчилиги Кыргыз жарандарына 2017-жылдын 1-июнунан тартып 12-июлуна чейин Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз кармоолордун алдын алуу үчүн аталган шаарларга келбей турууну сунуштады.

Маалыматка ылайык, аталган мезгилде Орусияда ФИФА конфедерациясынын Кубогунун өткөрүлүшүндө Казань, Москва, Санкт-Петербург жана Сочи шаарларында коопсуздук чараларын күчөтүлөт. Буга байланыштуу Кыргыз жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Элчилик тарабынан аталган шаарларда “күнү-түнү иштөөчү линиялар” уюштурулат:

- Москва (КРнын элчилиги: +7 (925) 864-49-60, +7 (925) 864-51-25, КРнын Миграция кызматынын өкүлчүлүгү: +7 (925) 291-72-72, +7 (495) 780-74-10),

КРнын ИИМнин өкүлчүлүгү: +7 (929) 657-19-97;

Санкт-Петербург (КРнын элчилигинин кеңсеси: +7 (900) 634-90-95);

- Казань (КРнын Миграция кызматынын өкүлчүлүгү: +7 965 594 60 23);

- Сочи (КРнын Краснодар крайындагы Ардактуу консулдугу: +7 (988) 245-43-02)

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости