www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2017-жылдын 30-майында, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы кызматкерлери үчүн куруулучу көп кабатуу үйдүн пайдубалына капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Айнура Дүйшөк кызы билдирди.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери катышты. 
А.Кайыпов сөз кезегинде башкармалыктын өздүк курамын куттуктоо менен бирге ӨКМдин калктын коопсуздугун сактоодогу орду зор экенин билдирип, облуста болуп жаткан жаратылыш кырсыктарында ыкчамдуулугу жана кооптуу аймактардагы алдын алуу чаралары боюнча аткарылып жаткан иштерин белгилеп өттү. 
Курулуштун башталышы менен ӨКМ орун басары К.Ахматов, Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов куттукташып, андан соң турак-жайдын пайдубалына капсула салынды. 
24 батирлүү көп кабатуу үйдүн курулушун «Экостройсервис» ЖЧКсы жүргүзөт. Аталган ишкананын маалыматы боюнча жалпы сметалык баасы 52 млн сомду түзгөн курулуш 3 ай аралыгында бүткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости