www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара чечилмейинче, Баткенге расмий бизнес ачуу мүмкүн эмес. Мындай пикирди экономист Эльдар Абакиров билдирди.

--"Коңшулар менен туура мамиле жүргүзсөк, Лейлек районун Тажикстандын Ходжент, Согди облусу аркылуу бир топ байытса болот. Кыргыз тажикке, тажик кыргызга таарынбагандай кылып, чек араны чечип алгандан кийин анан соода маселесине өтсөк болот. Чек араларга кенен-кенен базарларды ачып, биргелешкен ишканаларды ачсак болот. Бирок чек ара чечилмейинче, коопсуздук маселеси чечилмейинче, ал жерге расмий бизнес ачуу мүмкүн эмес.

Пандемияга чейин эки элдин ортосунда алыш-бериш катуу болчу экен. Тажикстан дегени менен чек арага жакын айылдарда көбүнчө өзбектер жашайт. Биз жакта да көп өзбектер жашайт. Ошол факторлорду эске алып, иш жүргүзсөк болот. Бирок биринчи чек араны бекитүү керек. Чек араны бекитип алгандан кийин Лейлек районунун экономикасына пайдалуу долбоорлорду ишке ашырса болот", - дейт экономист.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости