www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент уулун чоң кызматка дайындады

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердимухамедов Каржы жана экономика боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалды. Бул тууралуу TDH мамлекеттик маалымат агенттиги 9-июлда кечинде билдирди.

Бердимухамедов кичи уулунун жаңы кызматка дайындалышын өкмөттүн жыйынында билдирди. Буга чейин президенттин уулу Сердар вице-премьер-министр катары санариптештирүүгө жооптуу болгон.

Ошондой эле, 2021-жылдын февралынан бери Жогорку көзөмөл палатасын жетектеп, Коопсуздук кеңешинин мүчөсү болгон. Эми ал бул кызматтарынан бошотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости