www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Чет өлкөдөн которулган долларды алуу көйгөйгө айланды. Андан тышкары, бул валютанын тартыштыгы күтүлөрү да айтылууда. Ушул жагдайга кандай пикирдесиң?
-- Кыргызстанда бир нерсени өндүрүп жасаган ишкерлер бар. Көптөгөн ишканаларда доллар менен кандайдыр бир чийки зат, деталдарды алыш керек. Алар долларга муктаж. Андай ишканалардын тизмесин түзүп, өкмөт аларга болгон чектөөнү кеңейтиши зарыл.
“Ишкерлер жумасына 10 миң доллар гана алууга уруксат” деген билдирүүнү уктум. Аны ишкерлердин жүргүзгөн ишинин көлөмүнө жараша, ар биринин маалымат статистикасына таянып, чектөөлөргө этият мамиле жасаш керек.
Ал ишканалар токтоп калса, кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө өтө терс таасирин тийгизет. Экинчиден, Россиядан келген акчалар бар. Андан тышкары, көптөгөн көлөмдө Россиянын өзүнөн доллар ала албаган кишилер Кыргызстан аркылуу алууга аракет кылышары мүмкүн.
Бул жакка рубль которуп, банктан алып, аны акча алмаштыруу жайларынан долларга алмаштырып, Кыргызстандан алып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, мындай чектөөлөр киргизилсе керек деген пикирдемин. Бирок мен жогоруда белгилегендей, экономикага зыяны тийбей тургандай жолдорду караш керек.
Булак: Азия News гезити