www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көпчүлүккө үмүт отун жандырган КЛДП жаралды. Курамында Жанар Акаев, Элдар Абакиров жана Сейтек Качкынбай барБулар таза команда менен шайлоого аттанганын жарыялашты. “Аз убакыт болсо да түрдүү пикирлерди жараткан бул партиянын колдоочулары ким? Курамдарынан дагы кимдерди көрө алабыз?” деген суроолор менен Элдар АБАКИРОВго кайрылдык.

-- Идея үчүн силердей жаштардын бириккени эң сонун болду. Бирок, элдин менталитети ушундай болууда, акчалууларга ооп кетүү силерге коркунучтуу эмеспи? 

-- Биздин партияга идея үчүн сонун биригүү болду. Чындыгында биз атайылап пландаштырган жокпуз. Жанар мырза, Сейтек мырза болуп көптөн бери бири-бирибизди таанып жүргөнбүз. Кандайдыр бир табигый жолдор менен аз убакыт мурда келишип, демилгелүү партиянын алкагында иш баштадык. 1920-жылдары Жусуп Абдрахманов менен Төрөкул Айтматовдун сүйлөшкөн сөздөрү бар экен: “Ушундай оор заман болуп жатат. Саткындар көбөйдү, жетекчилердин көбү туура эмес тандалган адамдар. Аларды көрө берип кыйналып кеттим” деп бири айтса, экинчиси “жетекчилерди жек көргөнгө акың бар, бирок элибизди, кыргыз жерин жек көрүүгө акың жок!” дейт. Ошол принципке туруп, бул инсандар мекенибиз үчүн жакшы кызмат өтөп беришти. Кыргыз ССРнин чек арасын куруп, Кыргызстанды түптөштү. Ошондуктан кандай маселе болсо да кыргыз жери, эли үчүн биз билек түрүнүп иштеп берүү максатындабыз.

-- Финансы жактан кыйынчылыктар болбойбу? “Арттарында ким турат?”  деген дагы кептер болуп жатат. Жанардын артында ар кандай олигарх ысымдар айтылууда. Буларды кандай кабыл алып жатасыңар?

-- Финансы жагы тууралуу ачык айтсам, бизди сыртта жүргөн мигранттар колдоого алышууда. Өзүбүздүн дагы анча-мынча каражаттарыбыз бар. КЛДПнын бетачарында айтып кеттик, биз төрт банкка эсеп ачтык. Ким канча сом салса дагы ыраазыбыз. Элдер четинен чалып, колдоп жатышат.

Ар кандай сөздөр “олигархтар буларды колдоп жатат, тигинин өкүл баласы бар экен” деп чыгышты. Чынын айтканда, биздин партиянын бетачары, иш-чарабыз  ачык болчу. Фейсбук аркылуу каалаган адамдарды чакырганбыз. 600дөй адам келди. Ал жерде ким кимдин өкүл баласы экенин териштирүү оюбуз дагы жок болчу. Текшерген да жокпуз. Атайылап андай адамдарды ал иш-чарага чакырган эмеспиз.

-- Курамыңарга кимдер кошулду? Кандай сапаттарына көңүл буруп жатасыңар?

-- Бүгүнкү күндө курамыбыз үч киши: Жанар Акаев, Сейтек Качкынбай жана мен. Колдогон адамдар көп. Алардын арасында азыркы жаш депутаттар да бар. Жоктон бар кылып, ак ишкерлик кылган, бизди колдогон мыкты жигиттер арбын. Эң негизгиси, ал адам ак, таза болушу керек. Анан биз менен чогуу аттанып, активдүү жардам бериши шарт. “Кыргызстан либерал-демократиялык партиясы” деп жатабыз. Бул эки нерсени билдирет. Биринчиден, “демократия” деген – адамдарды шайлоо аркылуу жетекчилер тандабай, эл тандашы керек. Үстүнөн бирөөнүн каалоосу менен эмес, элдин добушу аркылуу тандалышы зарыл. Экинчиден, “либерал” – деген биз ортосуна адамды коюп жатабыз. Адамдын укугун, эркиндигин, адамдын креативдүүлүгүн. Ошол аркылуу кыргыз эли дүйнө жүзүндө жаратман, креативдүү эркин эл болсок, биз дагы Швейцария, Швеция, Норвегия, Финляндиядай күчтүү өлкөгө айланганга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. 

-- Массалык түрдө каттоого тургандар байкалууда. Мисалы, Токмок шаарын айтсак болот. Шайлоо алдында дагы кандай көңүл ооруткан иштер байкалышы мүмкүн?

-- Ооба, массалык түрдө каттоо байкалууда. Бүгүн дагы бир маалымат чыкты, “Ош шаарында 120 миңге жакын шайлоочу бар, аларга 30 миндей адам кошулду” дешүүдө. Бул туура эмес. “Токмокко да 6 миңдей адам кошулду” деп жатышат. Ал шаарда негизи 30 миң шайлоочу бар. “Токмоктук, оштук” деген бул – ошол шаарда жашап, жашоо шартына жооп бергендерди шайлаш керек. Сырттан келип кетип калгандар – булар шаардыктар эмес. Ошон үчүн менин оюмча, бул жерде мыйзам токтомдорду өзгөртүш керек. Эң аз дегенде үч ай, же алты ай мурун каттоого тургандардын гана жергиликтүү кеңештерге укугу болушу шарт. 

Азыркы жаңы типтеги паспорттордо паспорт алмаштырып кереги жок. Катталган жери жазылбайт. Ошондуктан мамлекеттик каттоо кызматы өзүнүн эле өздүк тактоочу жайынан өзгөртүп коюуда. Негизи мыйзам боюнча адам өзү баруусу керек. Бирок биз билгенден, адамдар барбай эле, туура эмес иштер болууда. 

Жамиля Нурманбетова

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости