www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул темада, макала жазууну каалаган эмес элем. Бирок, буга баштагы ЖКнын депутаты, укук коргоочу Чолпон Жакупованын элибизди түндүк– түштүккө бөлүп, “бечара аркалыктар” деп айткан пикири таасир этти. Бир ирет, сакалың өрттөңгүр Брежнев доорунан калган “партбос” Кемелбек Ашыралиев да ак үй “каллош жыттанып кетти” деп, карыганда айнып оштуктарды кемсинтип, келекелеп дөөрүгөндөй айтып алган жагы бар эле. Чал алжыган экен дешип көбү ага теңелип, асылышкан эмес болчу. Ушуну менен бүттү го деген элек, көрсө жаңылыппыз. Андан кийин эле элдин канын төгүү менен бийликке келип, Мадумаров менен Атамбаев айткандай “өзүн-өзү шайлап алган” Отунбаева ”мыркалар” деп чак түштө балп эттирип алды. Ушул сөздү кечээ эле Кыргызстанды “аз-маз” болсо да башкарган “жоогазын”,“сары түстү” жакшы көргөн “Мадам брошка” деген каймана аты бар айымдын айтканы абдан өкүндүрдү. Элдин эсебинен олчойгон пенсия алып, резиденцияда жашап, ажатканадан башка жерде жан сакчылардын коштоосу менен жүргөн Отунбаеванын деңгээли ушул болсо, анда бүткөн экенбиз. Жакупова менен Отунбаева экөө тең батышчыл, ошолордун ырын ырдап, алардын талкалоочу саясатын колдоп, ошону менен азыктанып турушат эмеспи. Ички миграциянын айынан Бишкекке көбүнчө Ош, Баткен, Жалал–Абаддан жашоонун өтө төмөндүгүнөн айла жоктон оокат издеп көчүп келгендер көп эмеспи. Аны жашыруунун кереги жок. Отунбаева “мырк!” дейби кагазга ороп, “мырка!” деп тырмакча ичине сүйлөйбү, анын ким экенин, айтар сөзүнүн түпкү маанисин элибиз деле билип бүттү. Акаевдин гүлдөгөн доорунда өзбек президенти Каримов ТИМ министри Роза Отунбаеваны көпкө чейин тиктеп калат. Аны байкап калган казак президенти Назарбаев “Ислам Абдыганиевич, Роза Отунбаевага ашык болуп калгандай көпкө тиктедиңиз го!” — деп тамаша иретинде сөз ыргытат. Ошондо Каримов, “Жок, Нурсултан Абишевич, мен ашык болгондон тиктегеним жок!” дейт. Назарбаев “ Анда эмнеге мынча тиктедиңиз?” деп кайрадан тамашага салат. Каримов “Аскар Акаевич, бул катындын ичи толтура шайтан экен. Тезинен кетириңиз, Отунбаева сизге да, элиңизге да жакшылык кыла турган аял эмес!” — деп ачыгын айтып салганын, саясатчылардан уккан жайым бар. Кыргызстандын “мырктарынын” эсебинен олчойгон пенсиясын алып, эскерүү китебин жазып резиденцияда тынч жата бербейби дейм да. Эски улакчыдай, дагы деле саясаттын сасык оюндарына тойбой Бабанов же Текебаевдин партиясы менен парламентке барчу түрлөрү бардай.

Акыркы кезде көз караштары биригип бараткан Карамушкина, Отунбаева, Жакуповалардын арам ойлору башкада экенине эми түшүндүм. Өзгөчө Кой-Таш окуясында элди бөлүп жаруу, “түндүк-түштүк” маселелери өтө күч алып, ачык эле электрондук сайттарда чыга баштаган. Бакиевди тактан кетирүү үчүн Ала–Тоо аянты менен Ак үйдүн алдын канга чылаганга чейин барган Атамбаев өзүнүн Кой-Таштагы резинденциясына суракка чакырганга барган күч структураларынын опер тобунун адамдарын киргизбей, аларды барымтага алышып, көк ала кылып сабашып, курал–жарактарын тартып алгандары маалым. Өлкө башчысы, азыркы парламент жайгашкан Ак-Үй кайтарууда турган № -1 обьект экенин Атамбаев жана анын “шайкалары” жакшы билишчү. Ошого карабастан билимсиз жаштарды куралдуу, кандуу төңкөрүшкө үндөп алып чыгышкан. Алты жыл бою мамлекеттин казынасын уурдап, Акаев менен Бакиевди жамандап жүрүп, Атамбаев криминалдык бийликти түзүп кеткенин көрдүк го. Бизди демократияга үйрөткөн АКШнын президенттери отурган Ак-Үйүнө төңкөрүш жасайбыз деп кол салып көрүшсүнчү. Ошол жерден аларды атып, кырып жок кылып салышмак. Ал эми өлкөнү жети жыл башкарган Атамбаев Кой-Таштагы өз үйүнө суракка чакырганы барган оперативдүү топтун кызматкерлерин кийирбей койду. “Куралым бар, менин үйүмө кол салышса атышам!” Жөн багынып бербейм! — деп бийликти коркутту. Кечээги жалпы элине ант берген Атамбаев, өз антын бузуп, өз атуулуна ок чыгарды. УКМКнын офицери, Атамбаев президент болуп турган учурда анын коопсуздугун сактаган подполковник Ниязбеков Үсөн, Атамбаевдин үйүнүн ичинен атылган октон каза болуп жатканы өкүнүчтүү. Ким ойлоду эле, өз президенти өзүн коргоп жүргөн офицерин атып салат деп. Аны да Алмаз Атамбаев тактап “Окту мен атканмын!” — деп өз мойнуна алган жайы бар. Атамбаев мыйзамды сыйлаган адам болсо, Кой–Таштагы кандуу окуя болмок эмес эле. УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев менен ИИМ министри Кашкар Жунушалиев Кой–Таштагы окуяга жооптуу. Ошол операцияны дурустап өткөрө албай бүт дүйнө жүзүнө шерменде болушту. Жээнбековдун ордунда Атамбаев болгондо бул экөөнү эбак кызматтан алып, жоопкерчиликке тарттырмак эле. Офицер Ниязбековго Атамбаев аткан ок тийип, ал каза болду. Биздин элибиз, бийлик башындагылар деле бир нерсеге анчейин маани беришкен жок. УКМКнын офицери Үсөн Ниязбеков өзүнүн өлүмү менен кара жолтой Атамбаевдин Кыргызстанды түндүк–түштүк кылып бөлүп салуу коркунучунан, кыргыз элинин бүтүндүгүн, керек болсо Сооронбай Жээнбековдун президенттигин, дагы бир кандуу мамлекеттик төңкөрүштөн куткарып калды. Кудай сакта, капысынан Кой-Таштан Чүйдүн кулундарынан бирөөсүнө адашкан ок тийип өлүп калганда барбы, ошол адамдын сөөгүн көтөрүп алып “түштүктүк президент Жээнбеков биздин балабызды атып салды!” дешип Ак-үйгө чейин келип тополоң кылышмак. Атамбаевдин көксөгөнү ошондой кандуу окуя болчу. Кудай бар экен, Атамбаевдин арам ою ишке ашпай калды. Өзүнүн өлүмү менен мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калган Үсөн Ниязбековго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген эң жогорку наамды берсе да жарашмак. Убагында Роза Отунбаева мамлекеттик төңкөрүшкө катышкан элчи инисине “баатырлыкты” уялбай эле бере салган. Үсөн Ниязбеков да өзүнүн баатырлыгы менен ошондой жогору баага татыктуу. Отунбаеванын “баатырына” салыштырмалуу Ниязбеков өз өлкөсүн чоң апааттан сактап калганын дагы баса белгилеп кетким келип турат. Мурдагы президент Атамбаев өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн дагы бир жолу кан төгүү менен мамлекеттик төңкөрүшкө катуу даярданганы көрүндү. Атамбаевдин арам ою ишке ашканда кара тизмеге түшкөн бизнесмендердин, жеке ишкерлердин, байлардын байлыктары, мүлктөрү тонолуп “көчмө” ноториалдык конторалар түнү менен башка адамдарга “өз каалоолору” менен анын менчигине өткөрүп беришмек. Атамбаевге каршы сүйлөгөн саясатчылар, ММК кызматкерлери, журналисттер жазаларын алышмак. Ниязбековдун өлүмү менен бул ирет Атамбаевдин жана анын кан көксөгөн жактоочуларынын арам ойлору ишке ашпай, мамлекеттик төңкөрүш болбой, мамлекеттүүлүгүбүздүн бекемдүүлүгү сакталып калды. Бул Үсөн Ниязбековдун өмүрүнө байланыштуу. Ал эми Атамбаевдин жалгыз арам ою, ич күйдүүлүгү президент Сооронбай Жээнбековду өзү каалагандай башкара албай, арам ою ишке ашпай калган соң мамлекеттик төңкөрүш жолу менен тактан кулатуу болгон. Ал эми Сооронбай Жээнбеков коррупциянын башындагы, өз элин, мамлекеттик казынаны тоногон, чала бандит Алмаз Атамбаевди эмес, өзү ант бергендей кыргыз элин тандаганы болду. Жеке коррупциялык иштери үчүн мамлекеттүүлүктү жок кылып жиберүүдөн кайтпаган Атамбаевди бир кесим эт, бир бөтөлкө арак, беш миң сомго сатылып аны ээрчиген адамдарга таң калам. Саткын Жээнбековго караганда коррупционер, ууру, жарым террорист болсо да Атамбаев өз балабыз!” деген адамдарды угуп алып таң калып, жакаңды карманасың.

Албетте ачык айта алышпаса да шыбырашып сүйлөшкөндө, түндүктүн көпчүлүк саясатчылары эптеп Жээнбековду тактан кетирип, ордуна өз адамдарын алып келүү болуп турган кез. Эмнесин жашырабыз? Түнү эл аралашып, ”Такка алып келген Атамбаевди сатып кеткен, саткын түштүктүк Жээнбеков бутуна туруп кете электе тактан түшүрүү керек!” — деген сасыган, элибизди экиге бөлгөн сөздөрдү угуп калып жүрөбүз го. Өзүн башкара албаган жаштарга акча таратылып “ түндүк-түштүк” маселесин көтөрүшүп, түнү уктабай жүргөндөр бар.

Эми, буга чейин деле саясатчылар жаап жашырып “түндүк-түштүк” деп элди бөлүп келишкени калп беле. Биздин акылман элибиз алардын сасыган саясатын колдобой, артынан эрчибей келгени бул чындык. Азыркы күндө аты-жөнү кыргызча болгону менен тилин билбеген, ал эми дилин бербеген Чолпон Жакупова менен Карамушкинанын айырмасы деле болбой калды. Чынында “сырты жалтыраган,” ал эми жан дүйнөсү ириген, чириген укук коргоочу Жакуповага өз пикиримди айтып коюуну туура көрдүм. Элчи инибиз Эдил Байсалов Чолпон Жакупованын элди бөлүп жарып жазганына жакшы жооп бериптир. Ошондон үзүндү келтире кетейин:

 

“ТҮШТҮК-ТҮНДҮК БӨЛҮНҮҮГӨ КАРШЫ “Я не уважаю Вас. Есть достаточно эпизодов, которые говорят о личной непорядочности, экзальтированности, самовлюбленности. Знают об этом и помнят многие другие политики. Такое не забывается. В отличие от них я не могу и не умею мило в лицо говорить одно, а думать другое. Поэтому, простите, не принадлежу к клубу ваших обожателей. У вас нет ни позиции, ни платформы, ни убеждений. Вам слишком нравится быть центром обожания публики, той части, которая, к сожалению, живет одним днем, хайпом, эмоциями, и не отличает гражданскую позицию от позы. Ну вот вам ничего не стоит, походя теперь обвинить меня в якобы получении больших денег, и что, значит, я не выдержал «этого испытания». Опять же оставлю это на вашей совести. Вы из тех, кто ради красного словца, что угодно скажет. Вам давно уже не достаточно образа «самой честной». Нет! Вы жаждите быть «единственной».

Хочу только вспомнить. Не в заслугу вам. Просто отметить, как факт. Один из депутатов этим летом, при рассмотрении моей кандидатуры, сказал, что Вы положительно отозвались обо мне и сказали, что я справлюсь со своей работой. Это я хочу отметить, чтобы вы могли себе впредь также приписывать и мое выдвижение в качестве посла.

А теперь о главном.

Все, кто делит мой народ, являются моими личными врагами. Несмотря ни на какие заслуги. Самый главный враг наш не коррупция, не повальная некомпетентность, не отсталость, и не бедность. Это те, кто за кухонным ли столом ли у себя дома своим детям, в разговоре с коллегой на работе, либо в социальных сетях воспитывают и прививают чувства ненависти друг к другу.

Это те, кто подсчитывает скрупулезно, кто и откуда вышел. Это и те, кто, как ДжакуповаЧолпон, сам такого не пишет, но распространяет и подписывается. Все наши остальные проблемы (коррупция, некомпетентность, бедность) являются производными от этого разделения. Надеюсь, что для всех произошедшее станет уроком.

Таков мой ответ.”

Эдил Байсалов

18 декабря в 18:43

ММК каражаттарынын беттеринде, саясат айдыңында кээ бир журналисттер Жээнбеков айланасын “түштүктүктөргө” толтуруп жатат деген сөздөрдү көп айтышчу болду. Сооронбай Жээнбеков табиятынан элди түндүк–түштүк кылып эч качан бөлбөгөн инсан. Бирок, элдин арасында Сооронбай Жээнбековду ушул кезге чейин өз командасын топтой элек деп сындап келишет. Чынында бул сөздүн чындыгы бар. Айланасын карап көрсөңөр 80% Атамбаевдин куйруктары, ошону менен иштеген жетекчилер. Мен өзүм билген, азыркы күндөгү мамлекеттик ММКнын башчыларынын баарысы Кыргызстандын бир регионунан болуп калганы өкүндүрөт. Мисалы КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу (туулган жери Нарын областы), ЭлТРдин гендиректору Айбек Мусаев (Ысык–Көл обл.), “Кыргыз туусу” гезитинин баш редактору Эрнис Балбаков (туулган жери Нарын областы), “Эркин–Тоо” гезитин баш редактору Керимбаев Дыйканбек (туулган жери Жалал-Абад областы), Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев (туулган жери Ысык-Көл областы), “Кутбилим” гезитинин баш редактору Кубат Чекиров (туулган жери Нарын областы) мыйзамга туура келбесе да, ошол эле учурда “Би-Би-Си” радиосунда да иштейт. “Бетме-Бет“ гезитинин баш редактору Нарынбек Жамангулов (туулган жери Нарын областы) анын ордуна Нармырза Калыбаев (туулган жери Жалал–Абад областы) келген. Ал тургай “Би-Би-Си” радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Гульнара Касмамбетова (туулган жери Ысык–Көл областы) ал жерде бир тууган сиңдиси Акчолпон Касмамбетова (Койчиева), анын күйөөсү да ушул радиодо иштейт. Мындайча айтканда бир үй-бүлөөнүн радиосуна айланып калды. Буга чейин “Азаттык” радиосу менен “Би-Би-Сини” жетектеген Тынчтыкбек Чоротегиндин баласы Алмаз Чороев “Би–Би–Си” радиосунда иштеп келет. Ал эми батыштан каржыланган “Эркин Европа”, “Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси, ошондой эле Орто Азия боюнча регионалдык кызматынын милдетин аткаруучусу Венера Сагындык кызы, (Ысык–Көл областынан), Ал эми Бишкектеги “Азаттык” радиосунун жетекчиси Айзада Касмалиева (туулган жери Ысык–Көл областы). «Азаттыктын» бїгїнкї жетекчилиги, радионун кыргыз бюросу ачылгандан тартып иштеп келаткан Эсенбай Нурушев, Айданбек Акматовдорду, дагы башкаларды кызматтан четтетти. Ошол эле учурда, өмүрүндө эсте каларлык бир макала жазбаган президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева (туулган жери Талас областы) экени белгилүү. Ал эми премьер-министрдин басма сөз катчысы Эсенгул уулу Чыңгыз (туулган жери Нарын областы) башкарып келет.

Биз канчалык сындабайлы, Атамбаев өзүнүн “Апрель” ТВна өтө күчтүү команда топтогону белгилүү. Бул сөзүм башкаларга жакпаган менен ачуу чындык. Ал эми Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай айым айланасына күчтүү команда топтой алган жок. Информациялык согушта, президенттин басма сөз катчысы Толгонай айым өзүнүн профессионалдык деңгээлинин төмөндүгү менен кесиптеши Кундуз Жолдубаевадан 10:0 эсебинде утулуп калганына жалпы кыргыз эли күбө. Салыштырып айтканда, басма сөз айдыңындагы кармашта Кундуз Жолдубаева Толгонай айымды тирүүлөй тооктун жүнүн тытып, жүдөтүп, мурдунан чимкиригин агызып салгандай абалга жеткирип салды. Азыркы бийлик, ошол күндөрү информациялык согуштан жеңилип, Сталинграддын алдындагы согуштай абалга жетип, талкаланып “Апрель” ТВны күч менен жаап гана кутулушту. Кыска убакыттын ичинде “Апрель” ТВсы элдин көпчүлүгү көргөн теле компанияга айланды. Бул да чындык, Толгонай Стамалиева журналист катары Кундуз Жолдубаеванын алдында моралдык жактан да утулду. Мына, профессионалдуулук деген эмне экенин Жолдубаева президенттин басма сөз катчысына көрсөтө алды.

Чындыкты айткан адам, эч качан падышага да жакпайт деп айтышат. Анын чындыгы бар, убагында экс-президенттер Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдерге да ачуу чындыкты айтып жаман көрүнгөн жагым бар. Алар убагында укпай койгондору менен кийин өкүнүштү. Бүгүнкү күндө, Акаевдин жанында деле саналуу гана адам калды. Менимче Бекболот Талгарбеков гана баштагы позициясынан тайбай, Акаевди колдоп жүрөт. “Акаев үчүн жанымды берем!” деген Токон Шайлиева ошол бойдон өзү жок. Бакиевдин ишенгени, ортозар илимпоз, ишенген кадры Досбол Нур уулуна окшогон кадрлар болчу. Аны кай жерлерге гана алып барбады. Ошол Досбол Нур уулу “Мен Бакиев үчүн жанымды берем!” дегендердин бири эле. Бирок, Бакиевге жанын бермек түгүл, өз чүчкүрүгүнөн өзү чоочуп, жакындан бери гана үйүнөн көчөгө чыгып, той-топурларда көрүнө баштады. Ал эми Атамбаев доор сүрүп турганда жанында кошоматка кой союп канчалаган адамдар жүрүшчү, Алмаз Шаршенович менен кол алышып саламдашып койсо, бир жума бою колун жуубай жүргөндөрү канча болгон.

Президентти башынан сылап же көңүлүн оорутуудан алысмын, мамилем бузулса да болгон ачуу чындыкты айтып коюу менин жарандык парзым деп билем. Ачыгын айтсам, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да бир топ алгылыктуу иштерди баштоодо, бирок өзүнө ишенген, экономикалык реформа жасай ала турган күчтүү командасы жок болуп жатканы өкүндүрөт. Президент, премьер–министр, министрлер, губернатор, аким, айыл-өкмөтүнө чейиңки жумуштун баарын өз мойнуна үйүп алгандай көрүнөт. Бийликти “тазалоо”, “жазалоо” убактысы эбак келген. Жакында эле Атамбаевди саткан адамдар “оптом” Сооронбай Жээнбековдун айланасына “үйүрү” менен анын короосуна кирип алышты. Алар эч качан президент Жээнбековго жанын үрөп иштеп беришпейт. Атамбаевди сатып кеткен адамдар эртең эле Жээнбековду бети кызарбай туруп сатып кетээри белгилүү иш. Ошол табиятынан “саткын адамдарга” таянам десе анда президент Сооронбай Жээнбеков чоң жаңылышат. Ал эми убакыт деген чыкылдап поезддей тынбай өтүп жатат. Жаңы жылдан кийин президент Жээнбеков жаңы, күчтүү командасы менен түп тамырынан бери экономиканы өзгөрткөн реформаларды жасашы керек. Атамбаевди камоо менен эле реформа болуп калбайт. Коррупциянын башы гана алынды, тамыры али жулуна элек. Бүлүндүргүч, табиятынан талкалоочу аталган Атамбаевден кийин, элибиз Жээнбековго ишеним, чоң үмүт менен жашап келе жатат. Элибиздин ошол үмүтү шам чырактай өчпөсүнө тилектешмин. Сооронбай Жээнбеков азыркы командасы менен алыска кете да, реформа да жасай албайт. Анткени, бул команда Жээнбековдун колуна-кол, бутуна-бут болуп бере турган күчтүү, бирдиктүү команда эмес. Саясатта деле футболдогудай мыкты команда болбосо каршылаштарын утуу кыйын эмеспи. Жээнбековго өз добушун берген, ишенимин арткан элдин көңүлү калып, жаңы жылда күчтүү команда түзүп, жаңыланууну жасай албаса, анда эл көчөгө чыгат. Мезгилдин агымы ошого баратат. Анда кеч болуп калат, мырза президент. Ойлонуңуз…

Бекен Назаралиев.

Булак: “Жаңы Ордо”

Последние новости