www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Кенжебек Сатымкулович, сиздин оюңузча, декларациясын туура эмес толтурган кызматкерлерге карата кандай чаралар көрүлүшү керек?

-- Менин оюмча, дароо эле жоопкерчиликке тартып, же жумуштан алып салбай, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Эгер ал мыйзамдагы талаптарды аткарбаса, албетте, административдик чараларды көрө баштаса болот. Сөгүш береби, же атайылап жашырган болсо, жумуштан алууга чейин барабы?.. Ал чаралар мыйзамда каралган тартипте көрүлүүгө тийиш. 

-- Жетимиштен ашуун депутаттын декларациясы так эмес толтурулганы айтылууда. Бул канчалык так маалымат?

-- Мен азыр сурадым, “декларациясы так эмес кызматкерлердин саны канча?” деп. Алардын канчасы депутат экенин сурабаптырмын. Бирок, мен ойлойм, жетимишке жетпесе керек. Аны тартипке келтирүү боюнча өкмөт иш-чараларды көрүшү зарыл. Азыр “прокурорго бердик” дейт, прокурордук реагирование болобу?.. Өткөндө Дастан Бекешов боюнча маселе көтөрүлдү, туурабы? Кийинкисинде, мен ойлойм, мындай маселелер болбойт. 

-- Буга чейин айыл чарба министрлигинин курамында болуп келген кээ бир кызматтар өзүнчө түзүмгө айландырылганына көз карашыңыз кандай?

-- Мен бул меселени буга чейин комитетте деле, палатынын жыйынында деле айтып келатам. Биз буга чейин айыл чарба министрлигин “эң начар звено” деп айтып келсек, бүгүнкү күндө өкмөт түзүмдү өзгөртпөстөн туруп эле эки агенттик түзүп салды. Жерди, анан сууну бөлүп салды. Административдик-аймактык реформанын негизги максаты – ирилештирүү. Айылдарды, райондорду кеңейтүү. Ошого карабастан, бул жерде тескерисинче, көбөйтүп жатышат. Бүгүн малдын диагностикасы, ваксинациясы, лабораториясы башка инспекцияда болуп атса, айыл чарба министрлиги малга кантип жооп берет? Айыл чарбасынын маңызы эмнеде? Биз миллиондогон гектар жерден түшүм алышыбыз керек да. Ошол жер башка агенттикке берилсе, аны сугара турган суу өзүнчө, айыл чарбасына баш ийбеген башка түзүмгө берилсе, эртең биз айыл чарба министринен “эмне үчүн түшүмдүүлүк азайып кетти?” деп кантип сурайбыз? “Эмне үчүн миң гектар жерге суу жетпей калды?” деп сурасаң, моралдык жактан туура эмес болот да. Ал айтат да, “суу чарба агенттигинен сурайбасыңарбы?” деп. Ошондуктан, мен айтып атам, өкмөттүн бул кадамы өтө туура эмес. Бул – айыл чарбасын талкалай турган кадам. 

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости