www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскер кызматкери сүйүктүүсүнүн колун бүгүн, 14-февраль күнү 16 танктын курчоосунда сурады. Бул тууралуу Орусиянын “Звезда” телеканалы жарыялады.

Маалыматка караганда, Орусиянын Таманская дивизиясынын командири сүйлөшкөн кызынын колун 16 танктын курчоосунда сураган.

Кадрдан танктардын жүрөкчө формасында тизилип турганын жана анын ортосуна жигит чыгып кыздын колун тизе бүгүп сураганын көрүүгө болот. Кыз жигиттин сунушуна макул болуп, бул жагымдуу көз ирмем күтүүсүз болгонун төмөнкүчө билдирген. “Мен эмне болуп жатканын азыркыга чейин түшүнбөй турам жана бул мен үчүн күтүүсүз болду”, – деген ал.

Эске сала кетсек,   Валентин күнү христианчылыкта чоң майрам болуп эсептелет. Көпчүлүк маалыматтарда бул майрам биздин замандын 3-кылымында негизделген деп айтылат. Рим императору Клавдий "эркектер үй-бүлөсүнө алаксып, аскерге баруудан баш тартышууда" деп бардыгына үйлөнүүгө тыюу салган. А бирок Валентин аттуу чиркөө кызматкери бул тыюуга каршы чыгып, өзүнүн чиркөөсүндө жашыруун нике кыюусун уланта берген. Чиркөө кызматкеринин бул жоругу билинип калганда император мындай чыккынчылыгы үчүн Валентинди 14-февралда өлтүрткөн. Ошондон баштап Валентиндин урматына 14-февраль сүйүү күнү деп белгиленип калган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости