www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Cаясатчы Бектур Асанов, “бийлик кандайдыр бир партияга “ставка” кыла турган болсо анда бүгүн эле президенттин абалы Атамбаевдин абалынан дагы начар болорун айтып коюш керек”, - деди.

“Эки революция болду. Жыйынтык чыга элек. Тарыхта Ата-Түрк, Түштүк Кореяда, Индияда мамлекет башчылары учурунда булар чоң мыйзам бузууларга барган. Конституцияны бузган. Бирок, алардын жыйынтыгы жакшы болгон. Кылмыш кодексинде берене бар экен. “Тобокелчиликке баруу”, “чоң кылмышты алдын алуу үчүн кичинекей кылмышка баруу”. Себеби мамлекет башчыда ошондой жоопкерчилик турат. Ошол берене Акаев жакшы иштегенде ага өтмөк. Ал журт атасы болуп калмак. Ошол проблема кийин Атамбаевге өттү. Ага бирок, акыл-эси жетпедиби. Жыйынтыгын көрүп жатабыз, - деди Бектур Асанов.

“Бүгүнкү президентибиз чоң иш жасады. Бул Атамбаевдин таасиринен чыгып кете алды. Бул улуу иш. Экинчи тарыхый милдети бар. Ал президент узурпацияланган бийлик бул адамдын колуна түштү. Бүгүнкү күндө бардык бийлик бир колго түштү. Бул кишини ушул жыл сактап калат. Ушул парламенттик шайлоо сактайт. Эгерде бул киши туура кадамга барып, Акаев, Бакиев, Атамбаевдин кетирген кемчилигин жасабаса, туура, прогрессивдүү кадамдарга барса ошол иши сактайт. Феликс Кулов, Ишенбай Дүйшөнбиевич жана мен 2013-жылы мыйзам киргиздик. Конституцияны иштетүү үчүн шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, преференсиалдык, эң маанилүү добуш берүү, партиялык коррупцияны жок кылат. Ар бир депутатты эл шайлайт. Ушуну киргизип койсо эле президент эң чоң иш жасаган болот. Экинчиси, президент ал же бул партияга ставка койбошу керек, өзү партия түзбөшү керек. Бакиевди, Атамбаевди ошондой абал жарга алып келген.

Президенттин өзүнө айтам. “Биримдик” деген партия түзүшүптүр. Бул Кыргызстан үчүн трагедиялуу партия болот. Президент ага “ставка” кыла турган болсо анда бүгүн эле президенттин абалы Атамбаевдин абалынан дагы начар болорун айтып коюш керек. Анан “Кыргызстан” деген бир партия бар. Мен жетекчилери, мүчөлөрү менен сүйлөштүм. Тазаланышыңар керек дедим. Ууру, кески кудай урган, жөө качкандардын курамындай. Буларды бир жерге чогултууга анча-мынча адамдардын акылына дагы келбейт.

Эгерде президент ушул эки партияга ставка кое турган болсо анда Сооронбай Шариповичтин келечеги болбой кала тургандыгын азыр эле айтыш керек”, - деди Бектур Асанов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости