www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-февраль күнү Каракол ШИИБине Жети-Өгүз районунун 40 жаштагы тургуну кайрылган. Анын айтымында болжол менен кечки саат 18:50 чамаларында Каракол шаарындагы таанышына келип, «Ауди S4» үлгүсүндөгү автоунаасын Гагарин жана Московский көчөлөрүнүн кесилишинде калтырып, кайра чыкканда автоунаасын таппай калган. Бул тууралуу NazarNews.kgге милициядан кабарлашты.

Милиция «Перехват» операциясынын натыйжасында автоунааны айдап качканга шектүү катары Каракол шаарынын 35 жаштагы С. Александрды кармаган.

Аталган факт КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Кылмышка шектүү катары кармалган адам баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин 48 саатка убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости