www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элди алдоо бийликке умтулгандардын төл сөзү болуп калды. Бийлик алмашса эле элибиз оңолуп кетет деген ишеним ушул күнгө чейин жашайт. Арийне, миллиардаган сом запкы жеген Кыргызстан стабилдүүлүктөн эптеп чыгар менен элди багыш керек.Болбосо жасалма саясатчылар элди талайт. Ушул бойдон жата берсек дүйнө карабаса. Мыкты уулдарыбыз кекиртегин ойлоп жатса жалпы элге эмне болот? Бизге тынчтык керек, элди алдап бир күндө он миллион сомдук машина мингендер керекпи? Бийликти кулатабыз деп бийлик башына келгендер бир күндүн ичинде кымбат баалуу мамлекеттик номуру жок унааны минген. Алсак, Жапыкеев минип келген "Гелендваген" үлгүсүңдөгү унаанын баасы - 8 980 000 рублду чапчыйт. Балким мунун ордуна Алмамбет Шыкмаматов келгенде азырынча элдин кыжырына тийбей турайын деп мындай кымбат баалуу машина «белекке» алса да эл алдына мактанып келмек эместир. Деги кайсы жолго баратабыз? Биринчи тынчтык керек го? Сыймык Жапыкеев бийликке келсем коррупцияны талкалайм деген жигиттерден, кызык анда эмне бир күн башкы прокурор болуп 10 миллион сомдук машина минди. Ага ким мингизди болду экен?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg