www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын атынан Коопсуздук жана контрчалгын боюнча улуттук борбордун (NCSC) директору Уильям Эванина дем алыш күндөрү Россия, Кытай жана Иранды Американын COVID-19га каршы вакцина алуусуна тоскоолдук жасады деп айыптады.
Вакцинанын айланасындагы кырдаал тууралуу Ирина Алкснис ой толгоду.
Американын контрчалгын кызматынын мындай билдирүүсү президент Дональд Трамптын коронавирус инфекциясына каршы вакцина Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоодон кийин гана пайда болот деп жар салуусу менен дээрлик бир учурда айтылды.
Анткен менен муну тышкы саясаттагы атаандаштардын жаман ниеттеги кутумдары эмес, кайсы бир ички саясий пикир келишпестик менен деп түшүндүрдү.
"Ал (вакцина – ред.) шайлоого чейин болушу керек, бирок бул жерде саясат аралашып кетти. Макул. Алар өз оюндарын ойногусу келип жатат. Ал шайлоодон кийин дароо болот", — деди ал.
Компенсация катары президент америкалыктарга COVID-19ду дарылоо боюнча, ноокастап калганда өзү ичкен дарыны бекер берүүнү убадалады.
Ал арада Трамптын соңку билдирүүсүн чындыгында эле PR маанисинде да компенсация катары кабыл алууга болот. Себеби вакцина темасы жана анын шайлоого чейин пайда болушу президенттин шайлоо алдындагы кампаниясынын маанилүү бир бөлүгү болчу.
Дарыны иштеп чыгууга Ак үй он эки миллиард долларга жакын каражат бөлгөн. Ал тиешелүү тармактагы америкалык жана чет элдик уюмдарга берилген. Маселен, америкалык биотехнологиялык Novavax компаниясы эле оңбогондой акча, 1,6 миллиард доллар алган.
Анткен менен АКШ администрациясынын негизги үмүтү, ал тургай жалгыз эле алар эмес башкалар да британия-швециялык биргелешкен фармакологиялык AstraZeneca компаниясы жана Оксфорд университетине таянып турган. Бирок аталган тараптардын беркилердин супсунун суутканы белгилүү, себеби түзүлүп жаткан препараттардын кооптуулугу боюнча өтө олуттуу маселелер жаралды.
Белгилүү болгондой, AstraZeneca препаратын клиникалык жактан сыноо эки ирет — июль жана сентябрь айында токтотулган. Ыктыярчы болгон эки адамда адаттагыдан тышкаркы неврологиянын симптомдору байкалган.
Тагыраагы, AstraZeneca боюнча июлдагы чатакта буга чейин жайылган склероздун тастыкталбаган учуру көрсөтүлгөн. Анткен менен Оксфорд университетинин сайтында ал "неврологиялык түшүнүксүз симптом" катары сүрөттөлгөн.
Экинчи, сентябрдагысында, компания ыктыярчы болгон аялда "түшүнүксүз оору" пайда болгондугун жар салган. Ал эми ички документтерде сейрек кездешкен неврологиялык илдет катары жазылып жүрөт.
Россияга штаттык фармацевтикалык капыстан жаралган кыйынчылык биринчи иретте аларга канчалык деңгээлде тиешелүү экени кызык болду. Белгилүү болгондой, жай мезгилинен тарта АКШ, Улуу Британия жана Канада Москваны алар иштеп чыгып жаткан вакцина боюнча маалыматтарды уурдоо үчүн кибер чабуул жасады деп күнөөлөдү.
Эми Эванинанын билдирүүсүнө караганда, концепция өзгөрүп, биринчи планга аларда болуп жаткан ийгиликтерге тоскоолдук кылуудагы россиялык атайын кызматтардын саботажы чыкты.
Негизи эле орустарда эч кандай вакцина жок деген билдирүү дагы деле болсо NCSC директорунун оозунан чыкты.
Жетекчисин кыжаалат кылдырбай, ансыз да чыңалып турган нерв клеткаларын сактоо үчүн америкалык контрчалгын кызматы Россияда бир нече күндөн кийин "Вектор" борборунан экинчи препараттын каттоодон өтө тургандыгы боюнча маалымдабай эле койгону дурус.
Бирок бул маселенин тарыхына глобалдык көз караштан мамиле кылганда, Вашингтондун байкап, көз сала берчү адаты, өзүнүн ар бир калпыстыгы үчүн Москвага күнөө арта бергени бир топ сабак болду.
Вакцинаны биринчилерден болуп ойлоп табуу боюнча дүйнөлүк атаандаштык жарышындагы жеңиш Вашингтон үчүн Дональд Трамптын шайлоо алдындагы кампаниясы үчүн эле эмес, Кошмо Штаттардын дүйнөдөгү жеңилбес гегемония символу катары да маанилүү эле. Америка эң өнүккөн, технологиялык жана илимий жактан алдыга кеткен, планетадагы бардык, болгон бүткөн нерселерде оңбогондой кыйын, ири мүмкүнчүлүктөргө ээ деген нерсени көрсөтүү үчүн керек эле.
АКШнын глобалдык лидер макамын орнотууда финансылык фактор адаттагыдай эле олуттуу ролун ойноду. Ал эми планетада башкы басма станогуна ээлик кылуу бүгүнкү күнгө чейин алардын башкы ролдогу негизги идеяларынын бири болуп келе жатат.
Вашингтон тарабынан дүйнө боюнча вакцинаны иштеп чыккан компанияларды ашыкча берешендик каржылоо эки, үч, ал тургай он эсе көп болушу мүмкүн. Бирок акыр аягында америкалыктар чындыгында эле муну пайдалана алышат.
Бул бир жагынан алып караганда таасирлентсе, ал эми экинчи жагынан алганда иштин оңунан чыкпай калгандыгынын канчалык экендигин, масштабын көрсөтөт. Себеп дегенде элүү, ал тургай жүз миллион доллар бул учурда, мындай кырдаалда эч нерсени өзгөртө албайт эле. Бир катар маселелерди айрыкча акча менен чече албай, жөнгө сала албай турган учурлар да бар.
Акыркы жылдары Америка Кошмо Штаттарында мезгил-мезгили менен алардын дүйнөдө үстөмдүк кылуусун камсыздаган адаттагы нерселеринен баш тарта баштагандыгын байкоого болот. Америкалыктар өзүнүн вотчинасы деген тышкы саясаттагы кенже өнөктөштөрү менен эл аралык уюмдар көзөмөлдөн чыга баштады. Иштелип чыккан технологиялары, маселен, түстүү ыңкылаптары өзүнүн майнабын бербей жатат.
Эми чакырык дебесек да, кезектеги коңгуроо кагылды, ал — доллар дайыма эле айбаттуу болуп тура албайт деген кулак кагыш болду.
Булак: "sputnik.kg"