www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадрдан жетелешип келе жаткандардын узун бойлуураагы экинчисин текчеде сатыкта турган бычактын бирин алып сайып жибергенин байкоого болот.
Талас шаарындагы соода борборлорунун биринде 12-октябрга караган түнү жергиликтүү эки тургун өз ара чатакташа кетип, бири экинчисин дүкөндө сатыкта турган бычак менен сайып жибериген. Бычак жеген 23 жаштагы жигит ооруканада каза тапкан. Бул туурасында Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Окуянын видеосу "Короче" телеграм каналына жарыяланды.
Кадрдан биринчи жигит экинчисин кармап, улам токтотуп бара жаткандыктарын көрүүгө болот. Бир саамдан кийин узун бойлуураагы экинчисин текчеде сатыкта турган бычактын бирин алып сайып жибергенин байкоого болот. Ал арада экөөнүн жанына бир нече балдар келип, тегеректеп, жаракат алган баланы колтуктап, жетелеп бара жатканын, ал алсырап баса албай калгандыгын камерага түшүп калган.
Милициядан окуя түнкү саат 03:00 чамасында болгондугун чатакташкандар классташ экендигин айтышты.
"Окуя туурасында бычак сайган жаран милицияга өзү кабарлаган. Учурда ал облустук убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти милициядан.
Кол салган Э. У А. 24, ал эми каза тапкан Ж.Н. 23тө экени маалым болду.
Булак: "sputnik.kg"