www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк SWIFT системасы жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча чек ара аркылуу өтүүчү операцияларды ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, коммерциялык банктар 13-октябрь саат 9:00дөн тартып коммерциялык банктардын жана алардын кардарларынын пайдасына кирген бардык төлөмдөрдү кабыл ала баштайт.

Чек ара аркылуу чыккан төлөмдөр төмөнкү операциялар боюнча гана жүргүзүлөт:

  • товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча мурда түзүлгөн жана банктарга берилген келишимдер боюнча Кыргызстандын коммерциялык банктарынын кардарларынын операциялары (юридикалык жактар, жеке ишкерлер, дыйкан жана фермердик чарбалар). Мында төлөмдөрдүн суммасы ошол кардарга мүнөздүү болгон орточо деңгээлден ашпоого, ал эми келишимдер кардардын кадимки ишине таандык болууга тийиш;
  • контрагенттер менен аягына чыгарылбаган валюталык бүтүмдөр, ликвиддүүлүктү жана/же валюта позициясын, анын ичинде своп-операцияларын тескөө максатында, ошондой эле активдерди алмашууга байланыштуу чет өлкө валютасын өз атынан сатып алуу/сатуу операциялары боюнча;
  • эл аралык төлөм системалары боюнча өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү операциялары;
  • Кыргызстандын коммерциялык банктарынын резидент эмес банктардагы эсептерин толуктоо боюнча;
  • эл аралык уюмдардан алынган насыяларды жана алар боюнча чегерилген пайыздарды төлөө операциялары боюнча;
  • банкта тейленген банк эмес финансы-насыя уюмдарынан акча которууну ишке ашыруу операциялары боюнча;
  • мурда чыгарылган аккредитивдерди жана банктык кепилдиктерди соодалык каржылоо бүтүмдөрү боюнча банктын милдеттенмелерине тиешелүү операциялар боюнча;
  • банктардын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл операциялар боюнча;
  • эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн тапшырмалары боюнча операциялар боюнча;
  • жеке адамдардын коммерциялык максаттарга ээ эмес 5 000 долларга чейинки өлчөмдө же дарыланууну, жашап турууну, окууну жана алиментти төлөө үчүн башка чет өлкө валютасы (жумасына) эквивалентинде акча которуулар боюнча.

Жогоруда көрсөтүлгөн которуу операцияларын ишке ашырууда коммерциялык банктар террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылууга тийиш.

Улуттук банк учурдагы жагдайга байкоо жүргүзүп турат, өлкөнүн финансы жана төлөм системасынын коопсуздугу менен туруктуулугун камсыз кылуу үчүн чараларды көрмөкчү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости