www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017- жылдын 23- майында Бишкектеги К. Кожомкул атындагы Спорт сарайында Республикалык Улуттук Курултай болуп өттү. Буга чейин бүт облустарда курултайлар өтүп, делегаттар шайланган. Аталган курултайга негизинен ошол аймактардан келген өкүлдөр катышышты.

Курултайды ачаардын алдында куттуктоо сөз экс-президент Роза Отунбаевага берилди. Роза Исаковна өз сөзүндө Курултайчылар көп жылдардан бери демилгелеп көтөрүп келаткан Элдик Курултай институту керек экендигин айтып келип, өзү бийликте турганда алгачкы кадамдар башталып, “Байкоочу кеңештер” түзүлгөнүн, бирок ал аракеттер кийинки бийлик тарабынан улантылбай токтоп калып өз максатына жетпей калганын айтып келип, бүгүнкү бийликтин дарегине да бир катар төмөндөгүдөй сындарды айтып өттү.

“Эл менен бийликтин ортосундагы ажырым өтө чоңоюп кетти. Эл өзүнчө, бийлик өзүнчө болуп калды. Бүгүн элибиз эч нерсеге ишенбеген абалга келдик. Бийликтин эл астындагы кадырынын кетишинин бир себеби мамлекеттик жетекчи кадырларды тандоодогу жоопкерсиздик болууда. Бир кездеги министрлер, мамлекеттик жооптуу кызматтагы жетекчилер менен бүгүнкү иштеп жаткан жетекчилерди салыштырып болобу? Мурда мамлекеттик кызматтарда иштебеген, кесиптик билими туура келбеген кадрлар көчөдөн келип эле жооптуу мамлекеттик кызматтарды, министрлик орундарды ээлеп отуруп калышууда. Ошого жараша иштин көзүн билип, туура иштеп кетсе кана. Тилекке каршы, иштеген иштеринен майнап чыкпай мамлекеттик ишти аксатышууда. Бүгүн мурунку постсоветтик мамлекеттердин ичинен эң начар чала сабат кадрлар Кыргызстандын мамчиновниктери болуп калды”- деп абалды өтө өкүнүү менен белгилеп келип, Элдик Курултайдын идеясын колдоорун айтып, өтүп жаткан Улуттук Курултайдын ишине ийгилик каалады.

Курултайда кеңири докладды Курултай кыймылынын төрагасы, белгилүү окумуштуу жана коомдук ишмер, тарых илимдеринин кандидаты Баяс Турал жасап, Курултайдын тарыхына, бүгүнкү көтөрүлүп жаткан идеянын маңызына токтолду.

“Өткөн эки революцияда эмне болду? Эл бийликти мамчиновниктерге алып берет да өздөрү сыртта кала беришет. Ал эми бийликке келгендер алгач элдин көксө талабын орундатууга аракет кылгандай түр көрсөтүшкөнү менен чынында эл менен иштери деле болбойт. Биринчи күндөн баштап эле өз бийлигин узагыраак сактоонун камына өтөт. Ал эми элдин болсо бийликтен жооп суроого укугу жок. Биз көп жылдардан бери ушуну талап кылып келатабыз. Баш мыйзамдын 2-беренесинин 1-бабында “ Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат”- деп жазылгандай элге бийликтин “бирден-бир булагы” болгон укугун бергиле деп келатабыз. Биз мыйзамсыз эч кандай талап койгон жокпуз. Биз мыйзамдуу гана талаптарды коюудабыз. Тилекке каршы, биздин үнүбүз бүгүнкү күнгө чейин бийликтин жогорку бутактарына жетпей келүүдө,”- деди.

Жер жерлерден келген делегаттар негизинен аймактардагы өткөрүлгөн курултайлардын бийлик өкүлдөрү тарабынан тоскоолдуктар менен өткөндүгүн белгилешти. Маселен Нарында курултай өтө турган жайды туура курултай өтөрүнө 2 саат калганда курт-кумурскага каршы дезинфекциялап жаап салышкан. Уюштуруучулар убара тартып башка жай издешке туура келген. Ошто болсо курултай өткөрүүнү уюштуруу жоопкерчилигин алган Мейликан Эмилбаеваны Ошко барган биринчи күндөн баштап мамлекеттик коркунучтуу тыңчыдан бетер артынан сая түшүп аңдууга алышкан. Облуста курултай өткөзбөөнүн болгон аракетин көрүшкөн.

Бийлик эмне үчүн мынчалык өз элинен коркоорун түшүнбөй жатышкандыктарын айтышып, өкүнүү менен белгилешти.

Улуттук Курултай жыйынтыгында чечим кабыл алып Элдик Курултайды мыйзамдаштыруу аракетин баштоого Жогорку Кеңешке 28- июнга чейин мөөнөт берди. Эгер көрсөтүлгөн убакытка чейин талап аткарылбаса, анда ар кандай мыйзамдуу акцияларды башташаарын, Жогорку Кеңешти таратуу талабы да коюлаарын эскертишти.

Темирлан Токтоболотов

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости