www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шакинин алтын балыгы Асылбек уулубу?

Кыргызстандагы номур биринчи алкомагнат Абдыкеримов Шаршенбекти кимдер гана тааныбайт. Учурдагы Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” саясий партиясынын “серый кардиналы” деп да келишет. Албетте кандай болгон күндө да партия эл ичинен суурулуп чыгып Жогорку Кеңешке келгендиги деле чоң жетишкендик.

Бирок партиянын катарын толуктап, бакыйган ман­дат алып отурган Асылбек уулу Дамирбектин деле трибунадан сүйлөгөнүн көргөн киши жок.

Канткен менен спорт тармагында ийгиликтери бар экенин билебиз бирок, Жогорку Кеңеш ринг эмес да эптеп чыдап койсоң тайм бүтөт дегидей. Жаш десе жаш, баш десе башы бар спортчу Асылбек уулу “а” деп ооз ачканга жарабай мектептеги спортчу “двоечниктей” эле отуру. Укканыбызга караганда Абдыкеримов менен алакасы мыкты болгондуктан алтын балык болуп отуру го?

Ардакбек Каныбеков

Булак: “Айгай”

Последние новости