www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электр энергиянын тарифи 1-сентябрдан тарта кымбаттайт

Кыргызстанда электр кубатына болгон жаңы тарифтер 1-сентябрдан коюлуп башташы мүмкүн. Бул тууралуу Отун энергетикалык комплекси боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргүл Айдарова Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде айтты.

"Азыр бир аз кечигип жатабыз. Эгерде 15-июлда коомдук талкуу аяктай турган болсо (Министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоору – ред.), аны өкмөткө алып барып, бардык министрлик жана ведомстволор менен макулдашуу үчүн бир ай керектелет. Ошондо гана 15-августта министрлер кабинетинин токтомун күтөбүз. Документти өтүп кеткен (арткы) число менен киргизе албайбыз да, 1-сентябрдан (тарифтерди кымбаттатуу – ред.) баштайбыз деп пландап жатабыз", — деди Айдарова.

Эске салсак, апрель айында президент Садыр Жапаров электр энергиясынын тарифин өзгөртүү сунушун айткан. Бийлик алгач абоненттерди категорияларга бөлүүгө ниеттенип, бирок кийинчерээк киловатт саатына 1,09 сомдон болсун деп бирдиктүү тарифти сунуштаган.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттар тобу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго электр кубаты менен жылуулукка жаңы тарифтерди киргизүүнү токтото турууну сунуштап кат жөнөткөн.

Анда депутаттар өлкөнүн электр энергия системасынын абалын көрүп тургандыктарын айтып, тарифтерди көтөрүү социалдык жарылууга жана ири компаниялардын жабылышына алып келет деп эскертишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости