www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Электр энергиясына болгон тарифтер 2022-жылга чейин өзгөрбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргүл Айдарова маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, тарифтик саясат үч жылга, башкача айтканда, 2022-жылга чейин бекитилген.
«700 кВт саат чеги сакталып калды (бийик тоолуу аймактар үчүн 1000 киловатт-саат), ага жеткенге чейин бардык абоненттер аймактарга карабастан 77 тыйындан төлөшөт, ал чектен жогорку көрсөткүчтө – 1 киловатт саатына 2,16 сом төлөнөт”, – деди Миргүл Айдарова.
Ошондой эле ал жаңы абоненттер (майнингдер) киргизилгенин кошумчалады. Алар үчүн киловатт-саатына 2,91 сомдон жогорулатылган тариф белгиленди. Балдар үйлөрүнүн тарифи өзгөрдү, эми киловатт-саатына 1,58 сомдон төлөшөт.
Ал белгилегендей, кийинки жылы 3 же 5 жылга жаңы тариф саясатын иштеп чыгуу башталат.
Булак: NazarNews.kg