www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Конституциянын жаңы долбоору өтсө, октябрь окуяларынан дагы жаман иштер болот», - деп айтты саясатчы Феликс Кулов Конституциянын жаңы долбоорун талкуулап жаткан жарандык коомдун жыйында.
“Мен дагы бир нерсени баса белгилеп айтам эгер азыркы жаңы долбоор кабыл алынса кийинки жылы күзүндө быйылкынан да жаман иштер болот. Себеби азыркыдай кризис мамлекеттин тарыхында болгон эмес. Пандемия менен кошо популисттик убадалар элдин пикирин өзгөртөт. Эми бул долбоорду токтотуу керек. Ал үчүн депутаттарга кайрылуу керек. Алардын 3/2 бөлүгү каршы чыкса долбоор артка кайтарылат. Экинчиден, Садыр Жапаровго кайрылуу керек. Ал дагы элдин пикирин эсепке алуусу шарт. Баары мыйзам талаасында болсун десек, Конституциялык палата карап чыгыш керек. Мындай шашылыш кабыл алууга болбойт”,- деп белгиледи Кулов.
Эскерте кетсек, бүгүн, 20-ноябрда «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» аталышындагы жарандык коомдун жыйыны өттү.
Булак: NazarNews.kg