www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Июндан тарта Үч-Коргон суу сактагычы аркылуу Казакстандын сугаты үчүн суу койо бериле баштайт. Июнь-августта Кыргызстан Казакстанга 300 млн кВт саат электр энергиясын жана 330 млн куб суу менен берет. Албетте, мунун кайтарымы күзүндө болот. Кыргызстан менен Казакстандын тиешелүү тараптары кол коюшкан электр энергиясын алмашуу боюнча келишимдин токтомуна ылайык Кыргызстан Казакстанга электр энергиясын 0,0000001 доллардан сатып(болжол менен 001 тыйын)  ал эми Казакстандан 21 тыйындан сатып алат.

Элди кооптондурган электр энергиясынын тарифи. Энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаровдун айтуусунда биздин абоненттердин тынчсыздануусуна негиз жок. Сырттан электр энергиясын сатып келип, толук камсыз кылынат. Казакстандын делегациясы менен сүйлөшүүлөр болуп, бир жыйынтыкка келишти. Сырттан сатып алына турган электр энергиясынын баасы калкка сатып жаткан баадан бир топ жогору. Энергохолдингдин жетекчиси "калкты тейлеп жаткан бааны өзгөртпөйбүз" деп элди ишендире баштады. Элге сатылган электр энергиясынын баасы менен коңшу мамлекеттерден сатып алына турган электр энергиясынын баасынын айырмасын башка керектөөчүлөргө болгон бааны өзгөртүү менен толукталат. Учурда пайданын баткагына тыгылышкан тоо-кен фирмаларына бааны өкмөт көтөрүп, бекитип бергендей. Кен фирмалары электр энергиясын кымбат сатып алаарынан шек санагандар бар, көп фирмалар жумушун токтотуп жибериши мүмкүн.

Кыргызстан Тажикстан менен бирге Борбордук Азиядагы суусу мол мамлекеттердин катарына кирет. Ушул потенциалын Кыргызстан менен Тажикстан кандай колдонуп жатышат? Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримов, келечекте Борбордук Азияда суу баа болорун айткан. Тажикстан ыйлап –сыктап Рогун ГЭСин куруунун үстүндө иштешип, Рогун ГЭСи менен Борбордук Азияда лидер болууга умтулуушуда. Эгер Рогун ГЭСи толугу менен ишке кирише турган болсо 13,1 миллиард куб электр энергиясын берип, коңшулаш Пакистан, Ооганстан, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттерге андан чыккан электрин экспорттой алат. Өзбекстан электрге болгон көз карандылыктан кутулуу максатында атом электр станциянын курууга далбас урууда.

Кыргызстанда совет мамлекетинин тушунда Токтогул, Күрп-Сай, Камбар-Ата, Шамалды-Сай сыяктуу Борбордук Азиядагы олбурлуу ГЭСтер курулган. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкен соң ГЭС сыяктуу экономикабызга ири салым кошо турган долбоорлор унутулуп, Аскар Акаевдин заманына чейин бир калыпта келаткан электрге болгон баа, ошол кездеги 200-300 пайыздык гиперинфляциядан соң электрге болгон нарк 1 квтка 1 тыйындан көтөрүлүп отуруп 140 сомго чыккан. Улуттук валюта киргизилип акчанын наркы 200 эсе түшүп, 1 квтка 70 тыйындан айланган. 2005-жылы 24-мартта өкмөт башына келип, июлда Кыргыз Республикасынын президенти болгон Курманбек Бакиев экономикабызды көтөрүү үчүн ГЭСтердин мааниси чоң роль ойной турганын туура түшүнүп, Камбар -Ата -2 ГЭСинин курулушун баштаган. “Гидропроект” институту түзгөн Камбар -Ата-2 ГЭСинин долбоору боюнча Үч–Теректин кире беришине курула турган Камбар-Ата-2 ГЭСинин кубаттуулугу 360 мВтка жетип, электр энергиясын өндүрүү боюнча жылдык орточо көлөмү 1148 миң кВт/ саат болмок. Бул жердеги суу сактагычтын көлөмү 70 000 000  метр кубга жетмек. Бир агрегаттын кубаттуулугу 120 мГт жете турган бул ГЭСтин бир агрегаты Орусиядан алынып келинип, ал кездеги биринчи вице–премьер Акылбек Жапаров тарабынан орнотулууга көз салынып, ал президент Курманбек Бакиевге рапорт берип жатканын маалымат аркылуу кыргыз жергеси таанышкан. Курулуш монтаждоо жумуштарынын көлөмү дээрлик жарымына чейин аткарылган бул иш бийликтин алмашуусу менен токтоп калды. Алмазбек Атамбаев мамлекет башына келген соң, Курманбек Бакиев баштап кеткен “Датка –Кемин” долбоорун аягына чыгарды. Бул долбоор боюнча Өзбекстан, Казакстанды аралап, аларга тиешелүү үлүштөрүн төлөй турган Токтогул ГЭСинен Түндүк Кыргызстанга келе турган электр чубалгычтар кыскартылып, Кыргызстан аркылуу келе турган болуп калды. Ал эми курулуш монтаждоо жумуштарынын көлөмү дээрлик жарымына чейин аткарылган Камбар -Ата-2 ГЭСинин курулушу токтоп, Атамбаев тарабынан Нарын каскаддарына чакан ГЭСтерди курабыз деген жаңы долбоорлор Орусияга сунушталып, Орусия тарабынан колдоого алынган. Орусияга эмне Камбар Ата-2 ГЭСинин курулушубу же Нарынга чакан ГЭС курулабы, бирок ички ыйкы-тыйкылардан улам бул ГЭСтер да курулбай, Кыргызстан Орусиядан алган 38 миллион долларды төлөмөр болуп чыгышкан. Андан кийин бул долбоорду улантабыз деген “Лигласс” фирмасынын да эки жүздүүлүгү билинип калат. Ошентип, Кыргызстанда “иттен жок, же ит байлаган жиптен жок” дегендей, Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушунан жок, же Нарын чакан ГЭСтеринин каскадынан жок. Ал эми Кыргызстан таянган Токтогул суу сактагычынын жалпы көлөмү 19 млрд кубдан ашык. Жакынкы аралыкта ГЭСтерди курбасак коңшу мамлекеттерден көз карандылык пайда болоору бышык. Азыр өндүрүш менен керектөө барабар болуп баратат.

Азыркы мезгилде элдин жүрөк заадасы электрге болгон тарифтин баасынын өсүп кетиши болуп турат. Казакстан быйыл 300 млн кВт саат электр энергиясын Кыргызстан менен алмашат. Кыргызстан Казакстанга 300 млн кВт саат электр энергиясын 330 млн куб суу менен берип, ушунча электр энергиясын Казакстан күздө кайтарат. Кыргызстан мындан сырткары алдыдагы күз-кыш сезонунда электр энергиясын импорттогону жатат. Энергохолдингдин жетекчиси буга Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы себеп болууда дейт. Токтогул суу сактагычында 2020-жылы 1-октябрга 15 млрд кубдун тегерегинде суу топтолот деген божомол бар. Токтогул суу сактагычына ошондо дагы 1,5 млрд куб чамалуу суу жетпейт. Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,3 млрд кубтан ашык. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 3,5 млрд кубга аз. Алдыдагы жылытуу сезонунда импорттоочу товардын көлөмү 1 млрд кВт саат. Аны Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстандан сатып алат. 500 млн кВт саатын Казакстан менен макулдашылды. Кээ бир эксперттердин айтуусунда Казакстанга берилчү 300 млн кВт саат электр энергиянын суу менен эквиваленти өкмөт айткандай 330 млн куб болбой турганын айтып, 1 млрд кубтай суу агат деп эсептейт. Кыргызстан электр энергияны күздө, кереги жок учурда алуу менен да утулуп жатат. Мындан сырткары Токтогулда суунун көлөмү сырттан электр энергиясын импорттой турган өлчөмдө аз эмес, суу 30-40 пайызга аз болгондо тартыш болуп саналат. Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматында суунун көлөмү 93%, демек 7% жетишсиз. Азыр суу аз эмес, жайында биз күнүнө 22-24 млн кВт саат электр энергиясын керектейбиз. Аны иштеп чыгарууга секундасына 170-180 куб суу керек. Жай бою ушундай сарптасак, 1-октябрда Токтогулда 17 млрд кубдан кем эмес запас болот. Бул кышында кыйналбай чыгууга жетет. Казакстандан импорттоло турган 500 млн кВт саат электр энергиясынын баасы 2,4 центтен жалпы 12 млн долларга жетээрин айтып, аны ким төлөй алат деген суроо туулат. Казакстанга сатыла турган баа 0,0000001 доллар бул дээрлик бекер сыяктуу, дагы эле суроо туулат эмне үчүн Казакстанга биз сууну сатпайбыз? Аларга биздин электр энергия эмес, суу керек болуп жатпайбы. Бир куб сууну бир эле сомдон сатсак, канча акча түшкөнү жатат? Ал эми өзүбүздүн жарандарга бир кубду 8 сомдон сатып жатабыз. Энергохолдингдин жетекчисинин айтымында, электр энергиясын колдонуу жылда 5% өсүп жатат. 2010-жылы элдин керектөөсү 11-12 млрд кВт саат болсо, 2019-жылы 15 млрд кВт саатка жетти. Коронавирус эпидемиясына байланыштуу юридикалык жактардын электр энергияны керектөөсү апрель, март айларында кескин азайганы белгилүү. Мындан улам эки айда 700 млн сомдун тегерегиндеги каражат түшпөй калды. Майдын жыйынтыгы менен жалпы жоготуу 1 млрд сом болот деп божомолдонуп жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости