www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын борбору Вашингтондун Улуттук гвардиясынын аскерлери нааразычылык акцияларынын алдында мыйзамдуулукту жана тартипти сактоого жумшалат. Бул тууралуу шаардын мэри Муриэль Баузер өзүнүн Твиттердеги баракчасында жарыялаганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Буга чейин Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында, афроамерикалык америкалык Джордж Флойд полиция кызматкерлери кармоо учурунда көз жумган. Бул адегенде ушул шаарда, андан кийин Америка Кошмо Штаттарынын башка шаарларында нааразычылыктарды жаратты. Нааразычылык акциясынын катышуучулары полиция афроамерикалыктарды кордоону токтотууга чакырышты.

15 штатта мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо үчүн Улуттук гвардия мобилизацияланган. Акыркы бир нече күндүн ичинде төрт миңден ашык демонстрант камакка алынды.

Кечээ кечинде нааразычылык акциясынын катышуучулары АКШнын Ак үйүнүн президентинин резиденциясына жакын жердеги, Вашингтондун борборундагы дүкөндөрдү талкалай башташты. Буга байланыштуу борбор калаанын мэри шаардык ички иштер бөлүмүнө колдоо көрсөтүү максатында Улуттук гвардияга мобилизациялоону жарыялады. Ошондой эле Баузер Вашингтондо 31-май күнү саат 23: 00дөн 1-июнда 6.00гө чейин коменданттык саат жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости