www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан бардык аймактардан Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Мээрим» теледолбооруна катышкан, ата-энесинен ажыраган жыйырма балага эстеликке белектер тапшырылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Мамлекет башчысынын атынан ноутбук түрүндөгү белектерди өлкө региондорунун жетекчилери тапшырышты.

«Мээрим» теледолбоорунун дагы беш катышуучусуна белектерди Президент Сооронбай Жээнбеков өзү тапшырат, алар бүгүн Мамлекет башчысы менен жолугушууга чакырылган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылы деп жарыялоо тууралуу Жарлыгы менен жетим балдарды, ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды, оор турмуштук абалда калган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык жактан коргоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдети катары аныкталган", - деп айтылат малыматта.

Эске сала кетсек, балдар коргоо күнү - бул эл аралык майрамдардын бири, бул майрамды дүйнө жүзү боюнча 70 жылдан бери майрамдап келе жатышат. 

Азыркы убакта ар кайсы өлкөлөрдө майрамдын негизги максаты, балдардын муктаждыгына көңүл буруу, укуктарын коргоо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости