www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-Түрк ооруканасы ачылат. Азыркы учурда бул ооруканада даярдоо иштери жүрүп жатат. Ал жерге коронавирус илдетин жаңы жуктуруп алгандар жаткырылат. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

“Кыргыз-Түрк ооруканасында даярдоо иштери жүрүүдө. Жаңы табылган учурларды бул жерге жаткырабыз. Оорукананын тегерегинде жашаган калк-арасында түшүнбөстүктөр жаралып жатат. Кечээ, 31-майда алар менен жолугушуу уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк” – деп билдирди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 1-июнга карата коронавирус илдетин жуктуруп алган жаңы 69 учур катталды. Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 21, Чүй облусунан – 6, Нарын облусунан – 14, Ош облусунан – 1, Ош шаарынан – 9 жана чет жактан келген жарандардан 18. Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1817ге жетти.

Эске салсак, буга чейин шаардын жашоочулары коронавирусун  жуктургандардын аталган ооруканага жаткырылуусуна каршы чыгышкан. Анткени оорукана шаардагы калктын жыш жашаган жеринде, айрыкча базардын жанында жайгашкандыктан, илдеттин жугузуп алуу коркунучу чоң экенин айтып, оорукананын алдына митинг өткөрүшкөн.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости