www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин элита, өлкө жетекчилери негедир эски оорудан али да арыла албай келе жатканы өкүнүчтүү. Биздеги “эски адат” мурунку жетекчи кылып кеткен ишти жаман-жакшы, пайдалуу, пайдасыз экенине карабай жаап салуу менен чектелет. Эсеби маселен, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков “Таза Коом” деген программа менен өз ишин баштаган. Албетте, калыстык үчүн ар бир нерсенин күңгөй-тескейин айтып койсо ашыкча болбойт. Так ушул “Таза Коом” программасынын алкагында ар бир айыл өкмөткө ачылган саамалык элди бир топ түйшүктөн арылткан эле. Алсак, райондун борборунан алыс жайгашкан айыл жашоочулары, паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана нике күбөлүк сыяктуу документтер учүн райборборго келип олтурбастан өз айылдарынан гана алып калышты эле. Бул элге карата жасалган жакшылык жана жеңилдиктердин башаты гана болчу. Эми эмне болуп жатат дебейсиздерби? Өткөн жумадан баштап бул аракеттер токтоп, карапайым эл кайрадан райборбордон документ алуу үчүн убарагерчилик тарта башташты, баягы эски системага кайтып... Узун кезек күтмөй, райборбордон алыскы айылдагылардын жол киреси менен убактысын жемей... Ооба, мурунку бийликтин жасаганы кийинкилерге жакпас чыгаар. Аты аталып жатса ичкүйдүлүк үчүн деле алып жаткандыр. Бирок, Сапар Исаковдун атын, анын баштаган “Таза Коомун” атагысы келбесе, атын өзгөртүп туруп ошол иштеп жаткан системаны жайына коюп койсо элет эли үчүн жакшы көрүнүш болбойт беле. Же ушул, “эки жерде эки төрт” дегендей алаканга салынып турган маселени түшүнбөй жатышабы?Же ортодогу кошоматчы шылуундар жаңы бийлик башчыларын мына ушундай терс кадамдар менен элге жаманатты кылгылары барбы? Али кеч эмес, үлкөндөр ойлонот чыгаар...

Булак: "Де-факто"

Последние новости