www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Елизавета экинчи көз жумду. Ал азыркы заманда эң эле узак мамлекет башында турган монарх болду. 1952 жылдан бери 70 жыл королева болуп турганда Улуу Британияда 16 премьер-министр болуптур: Уинстон Черчилль, Энтони Иден, Гарольд Макмиллан, Александр Дуглас-Хьюм, Гарольд Вильсон, Эдвард Хит, Гарольд Вильсон, Джеймс Каллаган, Маргарет Тэтчер, Джон Мейджор, Тони Блэр, Гордон Браун, Дэвид Кэмерон, Тереза Мэй, Борис Джонсон, Лиз Трасс. Эки жолу премьер-болгондор Уинстон Черчилль менен Гарольд Вильсон, онжылдын ашык премьер-министр болгондор Маргарет Тэтчер, Тони Блэр. Лиз Трасскоролева Елизавета өлөөрдөн эки күн мурда премьер-министр болгон.
Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин өлүмүнүн себеби азырынча расмий түрдө айтыла элек. Букингем сарайынын билдирүүсүндө, 96 жаштагы монарх 2022-жылдын 8-сентябрында чак түштө Балморал сепилинде жакындарынын чөйрөсүндө тынч дүйнөдөн кайтты. Кыязы, ал жөн эле анын улгайган курагына байланыштуу оорулардан каза болгон.
Букингем сарайынын басма сөз кызматы Улуу Британиянын жаңы падышасы Чарльздын Елизавета IIнин өлүмүнө байланыштуу билдирүүсүн жарыялады. Ал апасынын өлүмүн "чоң кайгылуу учур" деп атады. Падышанын билдирүүсүндө мындай деп айтылат: "Менин сүйүктүү апам, Улуу Даражалуу ханышанын өлүмү мен жана менин үй-бүлөмдүн бардык мүчөлөрү үчүн терең кайгыруу учуру", - деп айтылат королдук үй-бүлөнүн Твиттерде тараткан билдирүүсүндө.
"Урматтуу эгемен жана сүйүктүү эненин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Мен бул жоготуу биздин өлкөдө, бардык падышалыктарда жана шериктештиктерде, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча сансыз адамдарга таасир этээрине ишенем. Бул аза күтүү жана өзгөрүү мезгилинде мен жана менин үй-бүлөм ханышага ар дайым айтылган урмат-сый жана терең боорукердик ишеними менен сооронуп, колдоо көрсөтөбүз", - деп белгиленет текстте.
Улуу Британиянын жаңы падышасы 1952-жылы тактынын мураскору статусун алган Чарльз болду. Өлкөнүн жаңы монархы Карл III деген ысымды алды. Британия ханышасы Елизавета IIнин өлүмүнө байланыштуу улуттук аза күтүү жарыялады. Буга чейин Букингем сарайы өлкөнү 70 жылдан ашык башкарган Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 96 жашында Шотландияда каза болгонун билдирген.
"Улуттук аза күтүү мезгили башталды жана ханышанын өлүмүнөн 10 күндөн кийин өткөрүлүшү күтүлүп жаткан акыркы сапарга узатуу зыйнатына чейин уланат", — деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.
Букингем сарайынан берилген билдирүүдө ханыша бүгүн түштөн кийин Балморалда дүйнөдөн кайтты. Ханышанын бардык балдары Абердинге жакын жердеги Балморалга барып, дарыгерлер аны медициналык көзөмөлгө алышкан.
Елизавета II Британияны 70 жыл башкарып, анын бийлиги учурунда 15 премьер-министр алмашты. Өлкөнүн мурдагы колониялары эгемендикке жетишти. Елизавета II Британиянын тарыхында тактыда эң узак отурган жетекчи болуп калды. Ал падыша тактыны 1952-жылы 6-февралда атасы Георгий VI көз жумганда ээлеген. Буга чейинки рекорд анын чоң энелери, тактыда 63 жыл 7 ай отурган ханыша Викторияга таандык.
Британ тактысынын мураскери Уэльс ханзаадасы Чарльз ханыша Елизавета II каза болгондон кийин Улуу Британиянын жаңы падышасы болду. Букингем сарайынын басма сөз кызматы падыша бүгүн кечинде Балморал сепилинде калып, эртең Лондонго кайтып келээрин билдирди. Таажы кийүү аземи мүмкүн болушунча тез арада Лондондогу Сент-Жеймс сарайында өтөт.
Елизавета IIнин абалы быйыл начарлап кеткен. Февраль айында ал коронавирус жуктуруп алып, кыймылдабай жатканына нааразы болгон. Өткөн жылдын октябрынан мартка чейин ал жол иш-чараларына катышкан эмес. Андан кийин Букингем сарайы акыркы он жылда биринчи жолу ханышанын милдеттеринин тизмесин өзгөртүп, алардын айрымдарын ханзаада Чарльзга өткөрүп берген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg