www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров Парламенттин депутаттар палатасынын төрагасынын орун басары Ян Бартошек баштаган Чехиянын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар достук мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы тарыхый эстеликтерди сактоого өзгөчө маани берерин жана Чехословакиядан келген «Интергельпо» кооперативинин тарыхый мааниси тууралуу керектүү маалыматтарды табууга көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, Чехия делегациясы боордош көрүстөнүндөгү Чехословак мүрзөлөрүнө, Интергельпо районуна, Ю.Фучик паркына жана А. Дубчектин үйүнө барууну пландаштырууда.
Жолугушууга Чехиянын Кыргызстандагы элчиси Гикл Рудольф, 1-катчы, элчинин орун басары Йозеф Богач, Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жаанбаев жана Чехиянын
Коргоо министрлигинин согуш мүрзөлөрүн кароо департаментинин директору Павел Куглер катышты.
Булак: NazarNews.kg