www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Елизавета IIнин расмий резиденциясы Букингем сарайынын аймагында спорт менен машыгууга уруксат алды. 

Маалыматка ылайык, жакында эле коронавирустан айыгып чыккан Жонсон ден-соолугуна жана коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, уруксат алган.

Ошондой эле, Жонсон чуркай турган бакчанын аймагынан тышкары, сарай комплексинин аймагында жайгашкан теннис кортун колдонууга укуктуу.

Учурда Елизавета II жана анын күйөөсү Виндзор сепилинде. Британиялык ЖМКлардын маалыматы боюнча, ханыша күн сайын ал жакта ат минүү менен алектенет.

Эске сала кетсек, ушул жылдын март айында Жонсон коронавирус илдетин жуктуруп алганын айтып чыккан. Кийинчерээк ал ооруканага жаткырылып, апрелдин аягында оорудан сакайган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости