www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада кыргыз жараны аны сабаган милиция кызматкерлерине арыз жазган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги билдирди.

Элчиликтин айтымында, "Площадь Революций" метро станциясынын аймагында укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кыргыз жаранын сабалгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу элчиликтин өкүлү Ички иштер башкармалыгынын "Китай-Город" полиция бөлүмүнө барган.

«Кылмыш иликтөө кызматкери жарандын арызын кабыл алды, анда болгон окуялардын чоо-жайы жазылган. Арыз нөөмөт бөлүмүндө катталды ”, - дешти дипломатиялык миссиядан.

Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук башкы башкармалыгынан бул окуяны тыкыр иликтөөнү өтүндү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости