www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошмо Штаттардын Миннеаполис шаарында үчүнчү түн катары менен каршылык акциялары жүрүп жатат. Демонстранттар полиция кеңсесине кирип барып, өрттөп салышканы кабарланууда. Шаарда өзгөчө абал жарыяланып, тартипти сактоого Улуттук гвардия да тартылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, каршылык акциялары Колорадо, Огайо, Кентукки штаттарынын айрым шаарларында да болуп, жаалдангандар автоунааларды, имараттардын терезелерин талкалашты. Кагылышта жаракат алгандар да бар.

Нааразылыкка Миннесота штатында полициянын колуна түшкөн ынды кара адамдын өлүмү себепкер болду. Күбөлөр тарткан видеодо сары чийкил полиция кызматкерлери куралы жок Жорж Флойдду жерге жыгып, бирөө тизеси менен бир нече мүнөт мойнунан басып турганын көрүүгө болот. Флойд дем жетпей атканын улам кайталайт.

Окуяга катышы бар төрт полиция кызматкери жумуштан алынып, иш иликтене баштады. Миннесотанын мэри Флойдду басып турган полиция кызматкерине кылмыш ишин козгоого чакырды.

АКШнын президенти Дональд Трамп окуяны “үрөй учурарлык” деп баалады. Ошол эле учурда буга байланыштуу башаламандыкка да катаал жооп болорун эскертти. “Ал бандиттер Жорж Флойддун элесин уят кылат. Мен буга жол бербей” ,-деп президент “Твиттерге” жазды.

Флойд - акыркы жылдары кармоо учурунда полициянын колунан өлгөн биринчи ынды кара киши эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости