www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атына ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызматынан бошотуу тууралуу сунуштары түшкөн. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдери боюнча Мамлекет башчысы кол койгон Жарлыкка ылайык, Жалал-Абад облусунун Административдик сотунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулат:

— Каипова Нурила Кочкоровна;

— Мажитов Бакытбек Өмүрзакович.

Муну менен катар судьялык кызматка тандоо алкагында жана жаш курактык чегине (65 жаш) чейин дайындоо мүмкүндүгү боюнча аталган судьялардын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешке кайтарылгандыгы маалымдалат.

Кийин 2020-жылдын 25-майында мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу алардын ыйгарым укуктары токтотулган.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости