www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-вице-премьер-министр Камила Талиеваны кепке тартып, айрым маселелер боюнча ой бөлүштүк.

--Камила эже, премьер-министрдин өзгөчө кырдаалда эс алууга кеткени, талкууга жем таштады. Түрдүү сындар айтылды. Бул нерсе элдин нааразычылыгын жаратып койбойбу?

--Баш бакан өз мамлекетине “өзгөчө кырдаалды” жарыялап, элди үйгө камап, өзү “өргүүбү, эргүүбү”, өзүнө эс алууну багыштап коюп, чартаңбай тепкени кетип калышы өтө осол иш, бери келди эле. Элдин тагдыры менен мышык-чычкан оюнун ойногондой эле ойноп, өтө жоопкерсиз, шалаакы мамиле тутканына сөз жок, сага корогон сөз, дегиң келет...

Пандемия менен дүйнө лидерлери баш болуп, түн уйкусунан безип, иштеп жатышса, биздин Өкмөт башчы эс алууга кетти. Ал буга чейин да кыска убакытка эс алган, бул эс алуусу экинчи жолкусу. Кыйратып койгондой, экономиканы сөз кылбай эле койолу, коронавирус күчөп турган маалда, эс алууга кетиши бир чети жөн жерден эмес го деп ойлоп жатам. 

--Жыштыктагы коррупцияга тиешеси бар болгону чын болсо, иликтөө бүткүчө эс алуусу жок эле иштен четтеп турушу керек беле?

--Эгер тиги кылмыштуу ишке тиешеси болсо, анда убактылуу иштен четтеп, бошоп туруусу керек эле. Бир мандем бар үчүн кете албай жаткандай, тергөөгө таасир этип жана көзөмөлдөп туруу үчүн да кетпей жаткандай, менин оюмча...

--Атамбаевдин балдары зарылчылчылыктан улам саясатка аралашып жатабы же КСДПга таасир этиш үчүн ушундай кадамдарга барып жатышабы?

--Атамбаевдин балдарынын саясатка аралашып жатышы да бүгүнкү саясий абалдарына байланыштуу саясий зарылчылыктан келип чыкса керек? Партиялык иштерге активдүү аралашуусуна мыйзам жол бергенден кийин, неге болбосун? Ал эми партияны атадан калган мурас иретинде каалагандай калчай алышпашы бышык, анткени партия коомдук уюм. Партияны каалагандай калчаганга партия мүчөлөрү да жол бербесе керек...?

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости