www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Элмира айым, алгач дүйнө элин дүрбөлөңгө салган коронавирус тууралуу, анын алгачкы белгилери жөнүндө айтып берсеңиз?

--2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин болжошкон. Коронавирус — өзүнө отуз эки вирусту камтыйт. Анда камтылган вирустар кеңири жайылган сасык тумоодон тарта, оор-курч респиратордук синдромго жана ичеги-карындын оорушуна алып келет. Коронавирустун алгачкы белгиси жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, мурундан суунун агышы жана кыска убакыттын ичинде дем алуунун начарлашы, кусуу, ич өтүү жана баш, муундардын оорусу.

--Жугуу жолдору жөнүндө айтсаңыз?

Бул оору адамдан адамга чүчкүрүк аркылуу, дем алуу аркылуу жана таза, иштетүүдөн өтпөгөн азыктарды колдонуудан жугат. Бул вирус сырткы чөйрөдө бир канча убакытка жашайт. Бирок, жөнөкөй дезинфекциялык каражаттардын жардамы менен жок кылууга болот. Азыркы тапта вирусту жуктуруп алуунун башкы жолу башка өлкөдөн келген адамдар жана алар менен байланышкан адамдар шекти көбүрөөк жаратууда. Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекция жана коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча бир катар иштерди жургүзүп жатат.

--Бул вируска вакцина табылбай жатат деп жатышпайбы, андай болсо кандай дарылар менен дарылап жатышат?

-Азыркы убакта ВОЗдун көрсөтмөсү боюнча атайын спецификалык дарылоо айтыла элек. Тагыраагы так, даана вакцинасы, дары дармеги жок. Болгону оорунун белгилерине карап эле дарылоо жүргүзүлөт. Атайын антибиотиктер берилет. Жаңы жуккан учурда белгилери башка вирустук оорулар сыяктуу эле болгондуктан температура түшүргөн, жөтөлгө каршы дарылар берилет. Бул ооруга деле суюктукту көп колдонуу сыяктуу дарылоо жүргүзүлөт. Бейтап эгер кандайдыр бир шектенүү болсо дароо дарыгерге кайрылышы керек. Негизи ар бир адам үйдү таза кармап, колду, мурун көңдөйүн жана ооздук бат-бат чайкап туруш керек.

--Бул вирусту алгач саясатка байланыштырып, бул да өзүнчө бизнес деген пикирлер көп айтылбадыбы буга сиздин оюңуз кандай?

--Менин оюмча бул туура эмес маалымат. Себеби, бул вирус аныкталды, такталды канчалаган өлкөдө таралып дүйнөнү сиз айтмакчы дүрбөлөңгө салып жатат. Ошондуктан бул эч кандай саясатка тиешеси жок оору деп айтат элем.

--Бул вирус февраль айынын ортосунда басаңдап, марттын башында токтоп калат деген божомол айтылбады беле, бирок эмнегедир азыр күч алып, коркунучу эми билине баштагандай же жаңылышамбы?

--Коронавирус негизи эле вирустардын кайсы бир жогорку температурада өз күчүн жоготуп, коркунучу азаят. Ошол себептен күндүн жылышына байланыштуу мындай ойлор айтылган болуш керек.

Булак: Факты.kg

Последние новости