www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Боронов элден эмнени жашырып жатат?

Коронавирус ылаңынан кийин дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө ар кандай карантиндер болууда. Ушундан улам, "өлкөдө азык-түүлүккө болгон баалар кымбаттайт, ун азыктар жок калат" деген каңыр сөздөр тарап, заматта базарда баалардын жогорулоосу байкалды. Бул боюнча тийиштүү мекемелер иш алып барышты.

ЖКнын жыйынында дагы буга байланыштуу суроолор жаралып, кечээ ЖКнын агрардык саясат боюнча комитетинде депутат Кенжебек Бокоев коронавирустан улам сырт менен байланыш үзүлө турган болсо Өкмөт элди азык-түлүк менен камсыз кылууга канча дарамети бар экенине кызыккан эле. Анда өкмөт башчынын орун басары Кубатбек Боронов мамлекеттик материалдык резервдеги буудайдын көлөмү тууралуу маалымат жабык экенин айтып, Бокоевге маалыматты жазуу түрүндө бере ала тургандыгын, материалдык резервдеги азык-түлүктөрдүн келөмүн ачык айтууга болбостугун, бул мамлекетгак сыр экендиган билдирген. Бороновдун мындай табышмактуу сыр жашырышы өкмөттүн ачык айкын өлкөдө унга болгон коркунучтун жок деген маалымат берүүсүн четке какты.

Буга чейин өкмөт башы Абылгазиев айрым базарларды жана соода жайларын кыдыруу учурунда Кыргызстанга унга болгон тартыштык жок экенин, резрвде жетиштүү ун азыктары бар экенин айткан.

Анын айтымында, материалдык резервдер фондунда 60 миң тоннадан ашык ун, буудай бар.

Булак: Факты.kg

Последние новости