www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Тиги “үчилтиктен” кимиси президенттикке талапкерлигин коёт, Мадумаров, Ташиев же Келдибеков...”
-Акматбек Келдибеков көп сырдуу жана кырдуу жашыруун пландарды багыттап, жолго аттанып турат. Өзү эмес жандоочулары бир чоң сунушка үгүттөп жатат. Келдибеков мага түшкөн аян боюнча, кара түндө ат минип үзөнгүгө бутун сала албай кыйналып, тоо ичинде кууш жерде кетип бара жатат. Кулагына кандайдыр бир тоонун ичинде жаңырык угулуп, кичинекей көпүрөдөн өтүп, кызыл кийимчен адамдар менен сүйлөшүп өтүп кетти. Тоону аралап баратып эле ачык жерге чыкты. Келдибековдо кара дуба көбүрөөк. Ата-бабалары Келдибековду колдойт, президенттикке талапкерлигин коёт. Теги күчтүү жана жүрөгү таза. Эртеңки күндө терең ойлонуп кылдаттык менен мамиле кылса жеңишке жетет, аша чапкандык кылса туткунга кайра түшөт. Баарынан таң калычтуусу, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев үчөөнүн ою бир жерден чыгууда. Бирок өзүнө өтө ишенимдүү адам. Так ушул тапта Келдибеков, башка күчтөр менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бир нерсени алдын-ала жүрөгү сезет, кыраакы адам. Ар кимге ишене бербей жүрөгү менен кеңешип иш кылып кетсе болот.
-Камчыбек Ташиевди чын эле эл ээрчийби?
-Камчыбек Ташиевдин ийгиликке жетиш үчүн аракети бар. Бирок адашып эле саясатка кошулуп калгандай. Алдыдагы кадамдары ары-бери тең салмаксыз турат. Көп ойлонот. Бирок өзүн баатырдай сезет. Артымда эл турат деп ойлойт. Ооба, эл турат. Бирок ак көңүл болгондуктан аны көбү алдап коёт. Анткени өтө эле ишенчээк. Баардык нерсени түз кабыл ала берет. Азыркы бийликти өтө жаман көрөт. Кээде өзүн колу-буту байлангандай сезет. Ал өтүп кеткен жашоону ойлонбостон, келечекти ойлонушу керек. Ички дүйнөсү бушайман боло түшөт. Ошол нерсени жок кылуу үчүн молдого бат-баттан өзүн окутуп турушу керек. Бир чоң нерсени багындырганга азырынча жол жок, бир аз убакыт бар.
-Бакыт Төрөбаевдин саясаттагы орду кандай болот, ал кишинин деле президенттиктен үмүтү чоң го...
-Бакыт Төрөбаев, сөздөрүнө жооп бере албайт. Бирок сүйлөп отурса бирөөлөрдү ишендирип сала алат. Учурда “мен президенттикке чыгамын” деп өзүн кыйын сезип жатат. Ушунчалык өзүн жакшы көрөт. Көп нерсеге көзү жете элек, көрөгөч эмес, жаштык кылат. Чоң ийгиликке жетпейт, саясатта кандайдыр бир орду болот.
-Президент болсом “темирдей тартипти орнотом” деген Темир Сариевди алдыда эмне күтүп турат?
-Темир Сариев, элге караганда өзүн-өзү өзгөчө сүйөт. Акчаны абдан жакшы көргөн адам. Кичине жылдызы бар, кандайдыр бир убакта күйүп жанып калат. Азыр ал жылдызы өчүп турат. Акчаны көп жакшы көрбөшү керек, жолу жабылып калат. Адамзаты Алахтын сыноосунда гана жүргөнүн унутпашы керек. Сариевдин жүрөгүндө жарык менен мээрим жок. Көбүнчө өзүн элге ишмер катары көрсөткүсү келет. Бирок, чыныгы дипломат, кагаз иштерине так, бирок сөз байлыгы жок. Бирөөнү аяп, кол сунуп жардам бергенди, соопчулук дегенди билбейт. Мага түшкөн аян боюнча, айтсам, ата-бабалары айбайла балам деп турат. Кудай менен башы да оорубайт. Өзүм деген деген инсан. Бирок, президент болбойт, аны көрсөткөн жок, жолу бош турат.
Эске сала кетсек, Элмира Сатыбалды кызы жогорку билимдүү. Эл агартуунун отличниги. 28 жыл Билим берүү тармагында эмгектенген. Тубаса касиеттүү.
Булак: NazarNews.kg