www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчиден экинчи аял маселесин (мындан ары токол) кыз кишинин демилге кылып көтөрүшү- бул түркөйлүк. Назира Бегим деген журналисттин пикиринде, бул токол алуу менен демографиялык маселе чечилип калат экен... 
Бирок, Кыргызстанда токол алуу идеясын көтөрүү эмес, учурдагы үй-бүлө институн бекемдеп, канчалаган үй-бүлө дал ушул “токол” алуудан жабыркап жатканын ачыкташыбыз керек. Этикалык себептерге байланыштуу каармандарды ачыкка чыгара албайм, бирок, айланаңарды карагылачы..... Качалаган үй-бүлөнүн жанган отун жалп өчүрүп, “ойнош болуп оттой жанып, токол боло калып”, канча балдар “тирүүлөй жетимге” айланышты. Атасы экинчи аял алганына чыдабай ичип кеткен балдарды, корунган кыздарды көрдүм... 
Ооба, кыздар билим алып, иштеп жүрүп отуздан ашып турмушка чыкпай, аягында бирөөнүн этегин кармап, “Эне” болгондор канча... Ошондой эле, токол болууга даря болгон кыздар дагы жок эмес экен. Бирок, ар бир адам тандоо укугуна ээ болуга тийиш.Эгер сиз, бактыңызды ТОКОЛ болуудан көрсөңүз ал сиздин тандооңуз.. Бирок, ал кызыкчылык аркылуу башка кыздардын уктарын бузбоого чакырар элем. "Кыздын чырагы кырк" -дегендей уул балабы, кыз балабы БАКТЫСЫН БЕРСИН! 

Эркектин баары Эммануэль Макрон эмес дегендей, баардык эле аял ТОКОЛ эмес... 

Ооба, тарыхыбызда бир кылым мурда бул кадыресе көрүнүш эле. Алтургай, ата-тегибизди сүрүштүрө келсе, байбиче, токолдун балдары деп чыга келебиз...НазираБегим бир кылым мурда Уркия Салиева өз жаны менен аялдарга алып берген АЗАТТЫКТЫ алып салууга чыктыбы? Токол боло калса эле, толугу менен демографиялык маселе чечиле калуусу бул –утопия..
Ооба, Сиз кыргыз эли көбөйсүн деген жакшы ниетиңиз бар экен. Элди эки аял алуу менен эмес, бир үй-бүлөдө көп балалуу болуп, ошого Ата да, Эне дагы татыктуу тарбия берип, артыкы феодолизм заманына эмес, ааламдашкан доорго жараша билим, илим, турмуштун сыноолоруна туруштук берген уул-кыз тарбиялоого жумшоо зарыл.. 

Учурда ЭРКЕКТЕРдин айрымдары эки аял алмак түгүл, бир аялды бала чакасы менен багууга кудуретти жетпей жаткан заман.

Алыс барбайлы, аялы таң заардан ишке кетип, күйөөлөрү кол кушуруп "жумуш жок" деп, диванда “тирүү өлүктөй” сулк жаткандарды издебей эле жаныңыздан табасыз. Эркекмин деп эшикке чыгып кетип, бирок эч нерсе таппай, кулкунуна куюп алып, мас болуп “мылжып” келген андан көп. Даватка кеттим деп дервиш болуп айлап кеткен андан көп. Ошол учурда, “үлбүрөгөн үй-бүлөнүн оттун” жандырып үй-тирлик менен бала бакыраны кара жанын карч уруп, багып жүргөн түйшүктүү аялга, ээри үстүнө кошуп токол алсынбы?..
Бирок, ошол эле учурда, татыктуу ЭР, АТА болуп үй-бүлөнүн башына туруп, ак эмгек менен бала-чакасын чоңойтуп жаткан жигиттерибиз болгон үчүн үмүттөр үзүлбөй, алар дүйнөнү сактап келүүдө. Ооба, Кыргызстанда капчыктуу, бир эмес беш катынды алса дагы моокуму канбай, көзү тойбой токол алууну токтопой келгендер дагы жок эмес..

Аны мыйзам кабыл алынабы, алынбайбы ага карабай, “ийгиликтүү аткарган адамдар” көп... 

Бирок, аял алууга келгенде ислам динине жамына калгандардын бири дагы, шарияттын мыйзамында каралгандай токолдукка жетимдери менен жесир калган аялды алганын көргөнүм жок.Элибиздин санын көбөйтөлү десе, ашынган байлар "жетим үйүндөгү" балдарды төрт ТОКОЛ алгыча, төрт бала багышса кана?..
Баардыгы эле, мөлтүрөп бышкан “алчаны” алгысы келгендей, жаш, сулуу кыздарды ТОКОЛ кылгысы келет...- деген пикирин журналист Гульмира Уметалиева билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости