www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элмира Сатыбалды кызы Токмок шаарынын тургуну. Жогорку билимдүү, Эл агартуунун отличниги, 28 жыл билим берүү тармагында эмгектенген. Өзүнүн тубаса касиетин илим аркылуу изилдеп чыгып, көзгө көрүнбөгөн улуу күчтөр менен күрөшүп, жашоодогу ак жана кара күчтөрдүн бар экендигине ынанып келет.
Тубаса касиети бар Эльмира айымга NazarNews. kg кабарчысы Нуриза Молдошова бир нече саясатчыларды келечекте кандай абал күтүп турат? – деген сурообузга жооп алып кайткан. Кезектеги суроону учурдагы КР Президенти Сооронбай Жээнбеков тууралуу бердик.
--Сооронбай Жээнбековду ой басып турат. Кыжалаттык болууда, жүрөгү тынч эмес. Досу Атамбаевди ойлонуп турат. Мага эки жыл мөөнөтү бар деп аян түштү. Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду кызматтан алып түшкөнгө каттуу аракет кылат. Анткени Атамбаев ызы-чуу чыгарып өзүн курмандыкка чалгысы келүүдө. Ызы-чуу Атамбаев менен Жээнбековго дагы жакшылыкка алып келбейт.
--Атамбаев менен Жээнбеков жарашышы мүмкүнбү?
--Эми жарашпайт, алар жараша турган убакыттан өтүп кетти. Анткени Атамбаев “не адекватный” адам, анын менин кыргыз элим, тарых деп айтканы калп. Ал тарыхта өзүн курмандыкка чалат да, тарыхта “Атамбаев, эл үчүн курмандыкка кеткен” деп айтылып калышы мүмкүн. Албетте бул тирешүү ынтымак менен бүтүп, кан төгүлүү болбошу керек. Кудай сактасын, бир эле кан төгүлсө кыргыз элинде өткөн жылдагыдай дагы кан төгүлүү уланат. Ошондуктан бийлик, Атамбаев, баары ыйманга келишип, кандай чечим чыгарса дагы Жээнбеков шашпоого тийиш. Эгерде кан төгүлсө Жээнбеков 2 жылда кызматтан кетет.
--Атамбаевдин тиреши тыйылабы же Атамбаевди кандай келечек күтүп турат?
--Мен Атамбаев президент болуп турганда аян айтканмын, ага түрмө түшүп турат. Атамбаев өзү азыр оңою менен токтобойт. Ал көп нерсени ырбата берет. Атамбаев көп мыйзамды бузгандыгын өзү билет, айласыз аргасыздык кадамдарга барат. Ал камактан кутулуунун жолун таап койгон. Ошондуктан Атамбаевди кылдаттык менен текшерип, шашпай чечимдерге барышы керек. Жээнбеков акыйкат чечим чыгарашы зарыл. Бирөөнүн чечими менен Атамбаевди камаса кесири өзүнө тийет. Сооронбай Жээнбеков эч качан бирөөнү укпай өзүнүн чечимин чыгарса көп ийгиликтерге жетет. Жээнбеков бирөөнүн эмес, өзүнүн жүрөгүнө кулак салсын. Бирөөлөргө жетеленбесин. Жээнбековдун өзү дагы көп нерсени журөгү сезип турат.
--Сиз эки жыл мурун Атамбаев камалат деген элеңиз го...
--Атамбаев камакка өзүн-өзү түртөт. Бул кишини ыйманга чакырыш керек. Бул киши өзүнүн кызыкчылыгы деп гана турат. Эл менен иши жок. Атамбаев азыр эч кимди укпайт, эч кимди сыйлабайт. Ал азыр өзүн мен анан Кудай деп алган. Азыр кеп Атамбаевде эмес, азыркы бийликте, ошондуктан президент сабырдуулук, акылдуулук менен кадам ташташы керек. Бийлик Атамбаевге күч органдарын азыр жиберүүнүн кажети жок, ал күч органдары барса эле ок чыгарып атышканга даяр.
Булак: NazarNews.kg