www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элмира Сатыбалды кызы Токмок шаарынын тургуну. Жогорку билимдүү, Эл агартуунун отличниги, 28 жыл билим берүү тармагында эмгектенген.  Өзүнүн тубаса касиетин илим аркылуу изилдеп чыгып, көзгө көрүнбөгөн улуу күчтөр менен күрөшүп, жашоодогу ак жана кара күчтөрдүн бар экендигине ынанып келет.

Андан сырткары Элмира айым Кыргызстандагы ыйык мазарлар көп экендигин айтып, кыргыз элинин-жеринин касиети өзгөчө экендигин баса белгиледи. Тубаса касиети бар Эльмира айымга NazarNews. kg кабарчысы Нуриза Молдошова бир нече саясатчыларды келечекте кандай абал күтүп турат? – деген сурообузга жооп алып кайткан. Алгач суроону мурдагы президентибиз Алмаз Атамбаевден баштадык.

--Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан  дүйнөсү ооруп турат. Коркуу сезими күч алды. Жолу ачык эмес. Эки досунун ортосунда ырк кетти. Атамбаевдин акылсыздыгы ого бетер күчөп, ал элди эмес өзүн ойлоп жатат.

--Атамбаев камалабы?

--Камалат, ал өзүн-өзү камакка түртүп жатат. Бирок азыр эмес. Бийлик аны камаганга такыр шашпашы керек.

--Эмнеге?

--Атамбаевдин оюнда эки нерсе бар жакшы жана жаман. Жакшысы тарыхта калгысы келип жатат, жаманы эгерде Атамбаевди күч менен барып камакка ала турган болсо ызы-чуу кылып ок чыгарамын деп даяр турат. Эгерде Атамбаевди атайын топ барып камакка ала турган болсо, ал өзүн-өзү атып салышы мүмкүн. Атамбаев, эгерде өзүмдү-өзүм атып салсам тарыхта атым унутулбай кала берет деген ой менен жашап келе жатат. Бирок Атамбаев өзүнө келиши керек, ою чаар-жайыт, коркуу сезими күч алды.  Атамбаев ар кандай чуу чыгара турган болсо карапайым калктын ортосунда кайрадан 2010-жылдагыдай келишпестик чыгат, бул көрүнүш өзүнө жакшылык алып келбейт, укум-тукуму менен каргышка калат.

PS: Атамбаев, КР Президенти С.Жээнбеков жана башка саясатчылар тууралуу Элмира Сатыбалды кызынын айткандарын бир нече убакыттардан кийин окурмандарга жарыя кылабыз.

Булак: NazarNews. kg

Последние новости