www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эр жүрөктүүлүк, берешендик, жоомарттык, тайманбастык кыргыз уулуна таандык асыл сапаттар. Мына ушундай мыкты сапаттардын ээси Элмурза Сатыбалдиев. Аны көпчүлүк сөзү менен иши дал келген туруктуу жана 2010-жылдагы окуядан соң башкалардай болуп сатып же качып кетпеген, сот жообуна жооп берип, башына келген ишти көтөрө билген инсан катары баалашат. Юридика илимдеринин кандидаты, КРнын Эмгек сиңирген юристи, генерал-лейтенант, мурдагы башкы прокурор Элмурза Ракиевич бир топ жылдан бери КРнын Волейбол федерациясын жетектеп келген. Бир жолку баарлашуумда “Волейбол федерациясын жетектөө бул коомдук иш. Коомдук ишти адам өз ыктыяры менен кылат. Мени 2009-жылы жалпы волейбол сүйүүчүлөрү тандашкан.

Ошондон бери 2-3 жолу кайрадан шайлашты. Акыркы жолу 2017-жылы шайландым. Бир жагынан спорт, экинчи жагынан коомдук иш болгону менен баары бир мамлекетке көз каранды. Мамлекет волейболго буга чейин жетим балага мамиле кылгандай мамиле жасап жүргөн. Анткени, башында мен тургам. Бирок, ага карабай жакшы ишкер балдар бар экен, демөөрчү болушту. Бардык нерседе ийгиликке жетүү үчүн каражат керек. Каражаттарын аяшпай, клубдарды түзүп, жыйынтыгында волейбол эбегейсиз чоң бийиктиктерге жетти деп мактана алам. Себеби, биздин Азия алкагында борбордук зона деген бар, ошол жерде коло медалдан баштап, алтын медалга чейин багындырдык. Бул чоң кубокту ошол Азиянын борбордук зонасы боюнча чемпиондук үчүн алганбыз. Бирок, ал биз үчүн эле майрам болуп кала берди. Волейбол сүйүүчүлөр байкады, ал эми мамлекет тарабынан көз жумуу болду. Бирок, акыркы 2 жылдан бери буюрса жаман эмес. Спорт агенттигине Канат Аманкулов келгенден баштап бир аз көз караш жылып, мамлекеттик агенттик бизге каражат бөлө баштады. Былтыр чоң Азия оюндарына жөнөттү. Ал жерге барып, биз ТОП-10 деген топко кирдик. Бул аябай чоң жетишкендик. Ага жетүү үчүн биз Казакстандын курама командасын уттук” деп айткан жай бар. 

Кечээ, Бишкекте болбой калгандыктан Ак шумкарларды тосуп алуу иш-чарасына катыша алган жокмун. Бирок, Кыргызстандын желегин желбиретип, Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатында жеңишке жетишип, бир эмес төрт мамлекетти Непал, Мальдив,Туркменистан, Өзбекстанды нөл менен уткан Ак шумкарларды тосуп алууга барган патриотторду соц тармактардан көрүп кубанып жаттым. Мындай ЖЕҢИШ жалпы элдин төбөсүн көккө жеткирип, кыргыз волейболчуларга дем-күч болду. Бул ийгиликтердин аркасында албетте Элмурза Ракиевичтин ат көтөргүс салымы бар. Ушул күнгө чейин жоктон бар кылып, жетим балага окшоп бозоргон федерацияны Азиянын чемпиону кылууга жан үрөгөн бул инсанга ТААЗИМ. “Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон” демекчи, өжөрлүк менен Волейбол федерациясынын өмүрүнө өмүр улап, бийик ашууларга кадам таштап, АК шумкарларды жетектеп келе жаткан инсандын эмгеги бүгүн болбосо эртең бааланаар деген үмүттөбүз. Өлкөбүздү жакшы жаңылык менен камсыздап, Азияга Кыргызстандын атын чыгарган силерге АЛКЫШ! Бар болсун Элмурза Ракиевич! Жашасын Ак Шумкарлар! Алга Кыргызстан!

Жазгүл Карбосова, журналист

Последние новости