www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргыз тилектештиги” коомдук уюмунун демилгеси менен жана КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Ош шаардык мериясынын колдоосунун алкагында "Ыйык Сулайман- тоодо 2000 ак элечек энелер тилеги - 2017" долбоору, Түштүк аймагындагы баардык айымдарды энелердин күнүнө карата эстен кеткис чоң элечек майрамын болуп өтөт.  

Аталган мыкты долбоор Касиеттүү ыйык Сулайман тоодо 14-майда саат 10-00 дө башталат. Ордолуу Ошшаарындагы өтө турган долдоор акысыз. Бир гана шарт энелер элечек кийип келиш керек, дейт долбоордун уюштуруучусу Эльнура Кулуева. 

-Энеден өткөн ыйык эч ким жок.Энелер күнүнө карата апаларга таазим кылып, аларга майрам белек кылалы! Апаларыбызды көзү тирүүсүндө барктап алалы! Кыргыз Республикасында 2017-жыл “ Ыйман, адеп жана маданият жылы» деп жарыялангандыгына байланыштуу жана Энелер күнүнө карата кыргызстандыктардын улуттук аң-сезимин, жарандык патриотизмин өстүрүү, адеп ыйман башаты Эне деген бириктирүүчү жалпы идеяларды жаратып, элибиздин биримдигин бекемдөөгө, тарыхый жана маданий бай мурасын сактап, келечек муунга өткөрүп берүү ниетинде өлкөнүн өнүгүп- өсүүсүнө салымын кошкон айымдардын эмгегин баалоону максат кылуу менен “Кыргызстан тынчтык чөлкөмү, Энелер тынчтык жарчысы, Энелер тилеги”- деген идеяны коомчулукка салмакчы.

Муну менен бирге 14-майда 2000 айым улуттук баш кийимдерди кийип, тынчтыктын символу болгон ак көгүчкөн менен Ош шаарындагы ыйык Сулайман –Тоонун бооруна чогулушу, тилек кылышы аруулуктун, тазалыктын, жакшылыктын белгеси. Эне- адеп, ыймандын символу, Эне- жаратман, Эне-тынчтыктын жарчысы.

Мына ушул алкакта “ Ыйык Сулайман –Тооодо 2000 ак элечек энелердин тилеги-2017 ” долбоору иделогиялык башат болуп берет деген ишенимдебиз. Азыркы тапта коомубузда жаңы идеялар жок болуп, Кыргызстандын жаштары үчүн адеп-ахлактык жаңы багыттар калыптанбай калган учур. Андыктан бул жагынан жигердүү жарандар да сыртта калбай бул процессти калыптандырууга катышуусу зарыл.  Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий бай мурастарын мындан ары арттыруу – бул мамлекеттин гана эмес, ошондой эле катардагы жарандардын дагы милдети. Андыктан бул жоопкерчиликти моюнга алып уюштуруу тобу бул иш-чараны өткөрүүнү белсенип чыктык", - деген пикирин билдирди белгилүү блогер, журналист, бир нече долбоорлордун автору Эльнура Кулуева.

Уушул тапт Элнура Кулуева менен Дана Абдыбекова "Ыйык Сулайман тоодо Ак элечек энелер тилеги - 2017" аталыш менен кезектеги долбоорун ишке ашырганы турат.

Биздин NazarNews.kg маалымат сайтынын жамааты, Эльнура Кулуева менен Дана Абдыбекованын алдыда чоң жоопкерчиликтүү, кыргыз элинин үрп-каада салтын ишке ашырып жаткан долбооруна ийгилик кааалайбыз.

Булак: NazarNews.kg

 

 

..

Последние новости