www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төлгөсү төп келбей…

Айтылуу «Манас» эпосунда Каныкей апабыз төлгө кылып Тайторуну чапканы бар эмеспи, анын сыңары биздин азыркы чиновниктер дагы ат чаптырып төлгө кылып калышыптыр. Өткөндө 9-май күнү каскадер Үсөн Кудайбергенов менен улуу актер Сүймөнкул Чокморовду эскерүү жана Жеңиштин 72 жылдыгына карата «Ак Кула» ат майданында ат оюндары болуп өтүү. Аталган ат оюндарында саясатчы Өмүрбек Бабановдун өзүнүн «Греция» деп аталган кунанын төлгө кылып чаптырыптыр. Арийне, Бабановдун мыкты аргымактары бар экенин жумурай журт билгени менен төлгөсү төп келбей, «Греция» аттуу аргымагы экинчи келип калыптыр. Кызыгы марага алгачкылардан болуп генерал-майор Мелис Турганбаевдин «Гордый» деп аталган аргымагы биринчини илип кеткен экен. Эгер экс-ички иштер министри Бабановдой төлгөлөсө Турганбаев шайлоодон кийин туурга конот го.

Булак: Айгай

Последние новости