www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атым Элнура, жашым 30да. Бир үйдүн жалгыз кызы, бир үйдүн жалгыз келинимин. Облустардын биринин борборунда кайын эне, кайнатамдар менен бирге турабыз. Бир кызым бар. Жолдошум - билимдүү, ишине так, түз жүрүп, түз сүйлөгөн, жоош момун адам. Ал 35те. Турмуш курганыбызга 3 жыл болду. Мен анын экинчи никесимин. Эрлан экөөбүз чыныгы сезимдер менен табышып баш кошкондуктан, мен анын өткөн чагына көз жумуп, баарына кайылмын. Бир билгеним - ал аялы менен 6-7 жылдай жашап, бир кызы менен ажырашып кеткен. Аялынын каалоосу, талабы ушундай болгондуктан ал кызына барбайт, катышпайт. (Чынын айтсам бул жагы мага жагымдуу). Кайненем менен кайнатам болсо өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеген, алыш-катышы көп, шаан-шөкөткө жакын адамдар. Бирок биздин маселенин баары башкада болуп жатат.

Тоюбуз кыргыздын салт-санаасы менен да, заманга ылайык да сонун өтүп, көп күтпөй мен кош бойлуу болуп, жашообуз жакшы башталды. Кызым жарыкка келгенде чоң атасы менен чоң энеси абдан кубанышып: “Бул биздин жалгыз уулубуздун мончоктой кызы. Элден бата алалы”, - деп тушоо той берүүнү чечишти. Үйдө үч адам иштегени менен алардын айлыгы күнүмдүк жашообузга эле кетчү. Ошондуктан той үчүн керектелүүчү каражатты насыяга алышмак болушту. Чындыгында бул жагы мага жага берген жок.

Анткени биздин тойдо карыз болгон акчаларынан жаңы эле кутулуп, эми гана айлыктары түз үйгө келип баштаган. Ар бир тамактануу сайын болуучу: “Баланчадан кутулалы, мынча калды. Карыздан кутулуп тынч уктасак болот эле”, - деген кептер эми гана тыйылып калды эле. Бирок келин болгон соң, анын үстүнө кайненем баарын өзү билип, өзү тейлеп тургандыктан мен каршы оюмду билдире алган жокмун. Аш көп болсо каада көп болуп анын көңүлү, мунун көңүлү каралып атып, аз дегенде эле 150дөй киши чакырмак болдук. Кайненем: “Азыр тойлор ушинтип өтүп калган”, - деп өзүнө, мага, небересине окшош көйнөк тиктирди. Мындан тышкары кафенин жасалгасы, тойго келгендерге берилчү белектердин чыгымы да бир топ болду. Ушундай узун тизменин сомун эсептеп жаткан маалда кайнатам дагы бир ой кошуп калды: – Мынча болду эми насыяны кенен алып бир кичиавтобус алып, арендага ишке берип коёлу. Бул акчаны ошол унаа эле актап берет. Эч болбоду дегенде жакшы тыгынчык болот. - Бул сунуш кайненем тараптан колдоо таап, унаалуу да болуп, ага кошо той кылып салдык. Той болду, тойдун эртеси да болду.

Жарым айдай той өткөрүүнүн ырахаты менен кубанып, баарыбыз маанайыбыз шат жүрдүк. Анан көз ачып жумганча насыянын биринчи айын төлөчү маал келди. Кайненем менен кайнатамдын, алардан өтүп күйөөмдүн күлкүсү азайып, баары ойго туна башташты. Эми эки жылдан ашык убакыт ай сайын чоң сумма менен насыя төлөөбүз керек. Кайрадан баягы сөздөр менен баягы жашоо башталды. Тиги автоунаабыз күйөөм менен кайнатам кыялдангандай көп акча алып келген жок.

Андан улам айлыктарын эптеп ары тартып, бери тартып жеткизип жатышты. Насыя шайыбызды бат эле кетирип койгондой болду. 4-5 айдай төлөмүнөн кийин ишенсеңиздер үйгө эт ала албай, макарон жеп калдык. Качан бирөө жарым бала көрөбүз деп же дагы бир себептер менен мейманчылап келе турган болгондо гана ал адамга жасачу тамакка ылайыктап эт, жер-жемиш ала коёбуз. Ал кеткен соң кайрадан карандай чай, картошка менен отуруп калабыз. Эмчек эмизген мен үчүн мындай тамактануу кыйын эле болду. Сырттан караган адамга ичи эмеректерге толгон, заңгыраган тамда жакшынакай кийинип алып телегейи тегиз жашап жаткандай сезилебиз. Бирок абалыбыз жанагы. Басып-туруп ойлонгонубуз акча, сүйлөшкөн сөзүбүз акча, бүт кылган аракетибиздин баары акча үчүн. Ушундай маалда мен экинчи ирет кош бойлуу экенимди билдим. Бала эмизип жаткан маалда бойго бүтпөйт деген ишеним менен санаам тынч жүргөн элем.

Бирок менде андай эмес экен. Көңүлүм айнып, өзүмдү башкача сезе баштаганда текшерип көрдүм. Абдан кубандым. Жашым өтүп баратат, удаа төрөп алайын деген жыйынтыкка келдим. Күйөөм үч кыздын арасында жалгыз уул болуп өскөнгө: “Эки-үч эркек балам болушун каалайм. Кыз да жакшы, бирок эр жеткенде кеңешкенге, жардамдашып жөлөк-таяк болгонго эркек бир туугандай болбойт экен”, - деп калчу. Андыктан жолдошум бул кабарды кубануу менен кабыл алат деп ойлодум

– Сүйүнчү, менде жакшы жаңылык бар

– Болсун, айтчы.

– Биз дагы наристелүү болот экенбиз.

Үн-сөзү жок мага таң кала карады.

– Бүгүн эле текшерип көрдүм. Негизи сезип жаткам ушу боюмда болуп калган го деп. Мейли ээ, кызыбыз менен удаа өсүп, бирге чоңоюшат.

– Сен төрөйүн деп атасыңбы?

– эркелеп кубаныч менен сүйлөп турган демим сууй түштү.

 – Анан эмне?

– Эртең сүйлөшөлүчү.

Таңдан кечке иштеп чарчаган экен деп өзүмдү сооротуп уктап калдык. Ал ишке дайыма таң эрте кеткендиктен эрте менен ал теманы улап, талкуулагандай деле болгон жокпуз.

Бирок мен көңүлүмдө аны макул болот деп гана ишенип жаттым. Андан улам бул жаңылыгымды чай үстүндө кайненем менен бөлүштүм

. – Апа, негизи канча неберелүү болгуңуз келет?

– Кудайдын бергени да.

– Анда Кудай сизге дагы бир небере жөнөтүптүр.

– Эмне дейсиң? Эмне жөнөтүптүр? – телевизорго алаксып отурган апам мага жакшылап кулак салып калды.

– Менин боюмда бар экен

. – Канча болду?

– Билбейм, кичинекей эле да, жаңы билдим.

– Мм, анан? Эмне кылайын деп атасың? – баласы экөө сүйлөшүп алгансып кайненемдин мындай кабыл алуусу мени дагы ыңгайсыз абалга калтырды.

– Эч нерсе кылбайм.

– Алдырып сал. Азыр кыйналып атканыбызды көрүп атпайсыңбы. Өзүң деле кызыңды чоңойтуп, кичине тыңы. Жаңы эле үйлөнбөдүнөрбү, карыз-куруздан кутулуп, жаңы жашоо баштаган адамдай болуп акча топтоп, кичине тирилик кылгыла.

Унчукпадым. Эмнеге карата акча топтоп, дагы кандай тирилик кылышыбыз керек? Баладан тажап кеткен жерибиз жок, баары турат. Күн бою капа болуп, бир күйөөмдүн, бир кайненемдин айткандарын эстеп туталанып араң жүрдүм. Ал күнү күйөөм өзү үн катпады, мен да унчукпадым. Үйдөгү абал биздин бүлөдө эч кандай жаңылык болбогондой, эч кандай сүйлөшчү кебибиз жоктой уланып жатты. Мен болсо канча ойлонсом да бир да жолу баламды алдырууга ыраа көрбөй койдум. Төрөгүм гана келип жатты. Бир жумадай убакыт өтүп күйөөм үчөөбүз отурганыбызда кайненем:

– Мен эртең айлык алам. Сен баланы көтөрүп алып чык. Доктурга баралы.

 – Эмнеге бармак элек? – билмексен болдум.

– Эмнегеси эмнеси? Баланы алдыр дебедим беле?

– А мен алдырам дедим беле? Алдырбайм. Ал менин балам.

- Ушуга чейин кайненеме каршы сүйлөп көргөн эмесмин. Кантип жооп кайтарып жибердим билбейм. Мындайды күтпөгөн кайненем өңү кумсарып кызыктай абалда калды. Күйөөм болсо башын жерге салып, күнөөлүүдөй абалда отура берди. Ал мени коргойт деп ойлогом, анте албады.

Кайненем кагынып тура жөнөдү, артынан күйөөм кетти. Көз жашымды төгүп мен калдым. Ал кечте болгон ызамды күйөөмө төгүлүп айттым. “Мен сырттан боюмда кылып келдимби? Бул деген сенин балаң, балким сенин уулуң. Кантип алдыр дегенге оозуң барды. Эмнеге апам мага мындай мамиле кылат? Эмнеге менин оюм, менин каалоом менен эсептешпейсиңер?” - деп ыйлап да, сүйлөп да аттым.

Анын жалгыз жообу: “Эми эмне кыл дейсиң, апамдыкы деле туура да, азыр насыя төгүп атпайбызбы. Ушундан кутулсак кийин деле төрөйсүң да”, - деген болду. Айтор, мен алардын ою, санаасы эмнеде болуп атканын түшүндүм. Алар үчүн мен ойлогон: менин ден соолугум, жаш курагымдын өтүп баратканы, деги эле бала өмүрүн кыюу деген маселе деле эмес экен. Ал күндөн бери эки айдай убакыт өттү.

Кайненем мага каарын салып жүрөт. Мурда мен жакшы келин, ал жакшы кайнене эле. Азыр болсо басса-турса мени кагып-силкип, киши келсе азыркы келиндерден кеп козгоп: “Айтканды укпайт, билгенин кылат”, - деп тийише сүйлөп асылганы көбөйүп баратат. Кайненемдин мамилеси, күйөөмдүн энесинин тилинен чыкпаган чечкинсиздиги кан басымымды көтөрүп жиберет. Эмне кылсам, акыры ушул үйдүн бүлөсү болуп, ушул үйдө түбөлүк жашай турган болгон соң алардын айтуусуна бир жолу көнүп койсомбу деген да ой келет.

Бирок жашым өтүп калды, балким алдырып салсам кийин боюмда болбой кыйналып калбаймынбы деп санааркайм. Эмне кылсам?..

Булак: "lady.kg"

Последние новости