www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Египеттик мумиялардын ДНКлары анализ кылынды. Маалыматтарга ылайык, байыркы египеттиктер өлкөнүн азыркы калкы менен, ошондой эле Африканын борбордук жана түштүк бөлүгүндө жашагандар менен кайнаса каны кошулбайт экендиги билинди.

Nature Communications журналына жарыяланган немис археологу Йоханнес Краузенин доклады көрсөткөндөй, изилдөөнүн максаты байыркы жана азыркы египеттиктердин тууганчыл деңгээли канчалык экенин ырастоо эле. Натыйжада, окумуштуулар Байыркы Египеттин жашоочулары Жакынкы Чыгыштын – азыркы Сириянын, Ирактын, Түркиянын, Иорданиянын, Ливандын жана Израилдин жашоочуларына чукул генотип деген жыйынтыкка келишкен. Окумуштуулар белгилегендей, Африканын борбордук жана түштүк бөлүгүндөгү жашоочулардын гени египеттиктерге биздин замандын IV-V кылымдарында гана көрүнө баштаган. Буга чейин египеттиктердин гени эч бир өзгөрбөй келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости