www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Францияда президент Эммануэль Макрон менен Орусиянын башчысы Владимир Путин сүйлөшүштү. Орус лидери Петр Биринчинин Францияга расмий келгенинин 300 жылдыгына карата Версалда көргөзмө ачты. Жолугушуунун жыйынтыгы жөнүндө айтып жатып, Макрон сүйлөшүүнү «ачык болду” деп атап, Москва менен болгон диалогсуз эл аралык саясаттагы негизги маселелер чечилбестигин белгиледи.

Өз кезегинде Путин негизги карама-каршылыктарды чечүүдө тараптар бири-бирин карай жол баштаганын белгиледи. Орус президентинин Францияга чакырылышы күтүүсүз болду, анткени шайлоо алдындагы жарышта Макрон Орусия боюнча катуу позицияда турган эле. Жолугушууда Путин шайлоо алдында Кремлде эмнеге Макрондун атаандашы Марин Ле Пен айымды кабыл алгандыгын түшүндүрдү. Орус лидери ал айымды Орусия менен болгон достукту өнүктүргүсү келген саясатчы экенин белгилеп, анын кызматташууга болгон аракетин четке какканы кызыктай болуп каларын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости