www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Киттерге”кайырмак ыргытылып башталды

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаттары Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновдун коррупциялык иштери боюнча кылмыш иши козголуп, коомчулукта кайрадан резонанс жаралды. Көптөн бери мамлекеттик жогорку кызматкерлердин «ичип-жемейи» боюнча мындай маалыматтар чыга элек болчу.

Бу саам «киттерге» кайырмак ыргытуу кайрадан башталгандай. Иштин өңүтүнө келсек, каржы министрлигине караштуу экономиканы өнүктүрүү фонду аталган насыяны төлөө мөөнөтүн эки жолу мыйзамсыз узартканын Улуттук коопсуздук кызматынын расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Азаттыкка» мындайча билдирген: – 2017-жылдын 1-мартындагы абал боюнча экономика жана каржы министрлигинин алдындагы «МИС» ААК карызы 237 млн. 791 миң 75 сомду түзөт. Мындан тышкары, ушул эле учурда кылмыш иштин материалдары боюнча «МИС» ААК 95 пайыз акциялары депутат Акылбек Жапаровго байланышы бар адамдарга тиешелүү болуп саналат. Соттук эксперттин корутундусуна ылайык, «МИС» ААК түшкөн республикалык бюджеттик насыялардын 68 млн. 248 миң 50 сому максатсыз пайдаланылган. Ошентип, Игорь Чудинов, мурдагы айыл чарба жана мелиорация министрлери Чыңгызбек Узакбаев, Таалайбек Айдаралиев, мурдагы экономика министри Акылбек Жапаров жана башка адамдардын мыйзамсыз иш аракеттеринин натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Мындай жол менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети учурдагы Жогорку Кеңештин депуттары Акылбек Жапаров жана Игорь Чудинов менен катар мурдагы айыл чарба министрлери Чыңгызбек Узакбаев менен Таалайбек Айдаралиевге күнөө тагууда. Учурда ишти УКМКнын тергөө башкармалыгы иликтеп жатат.

 Албетте, карапайым элдин ырыскысын жешсе, дал ушул жагы аныкталса, анда ким болбосун жоопкерчиликке тартылышы керек. Мунун өзү башка чиновниктерге да сабак болсо, ошого катар мамлекетибиздин баркын көтөрүүдөгү алгылыктуу иш катары сыпатталат. «Медалдын экинчи бети бар» дегендей, бир эсе президенттик шайлоо жакындап келатканда бийлик айбалтасын көтөрүп, башка «тентек саясатчыларга» да тап берип койгондой сезилиши мүмкүн.

Ким билет? Саясый өңүтүн мезгил таразалайт эмеспи…

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости