www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс -президенттин уулу Максим Бакиев Лондондогу Кыргызстандын бийлигине каршы сотту утуп алды. Эми Кыргызстан Максимге компенсация төлөп бериши керек. Бул жөнүндө депутат Элвира Сурабалдиева Facebook баракчасына төмөнкүлөрдү жазды.

 "Мен унчукпай коё албайм. Биз Максимдин экономикалык кылмыштарын Великобританиянын сотунда далилдей албаганыбыз аз келгенсип, эми биз ага карыздар да болуп калдык." Максим Бакиев 2016-жылдын күз айларында Кыргызстанды сотко берген. Кыргызстандын бийлиги аябай кымбат турган адвокаттарын жана сотко кеткен баардык чыгашаларын төлөп берүүнү талап кылган сотту утуп алды.

2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн канкорлугунан жүздөгөн жаш балдарыбыз кара жер жамынып жатканы аз келгенсип, дагы акча төлөп беришибиз керек экен да!

Мен 2016-жылы мөнөтүнөн мурда сотко кайрылуу боюнча маселе көтөргөм. Ошондо менин маселемди «туура эмес маалымат деп четке кагып коюшкан. Эми ошол адамдар элге түшүндүрмө берсин өлкөбүздүн кайсыл ашып ташкан бюджети менен компенсация төлөп берилээрин. Мен эсептейм өлкөнүн намысын кызыкчылыгын коргой албаган ведомство жок дегенде бир аз болсо да жоопкерчилик алыш керек» деп жазды Суравалдиева.

Булак, NazarNews.kg

Последние новости