www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп НАТОнун саммитине катышуу жана Евробиримдиктин жетекчилиги менен жолугушуу үчүн Брюсселге барды. Кошмо Штаттардын лидеринин сапарына алдын ала даярданып, Бельгия борборуна эки күн мурда эле келе баштаган адамдар Трампка каршы нааразылык жүрүшүн өткөрүштү.

Колоннада өтүп бараткан унаалардын биринде «Америкалык үчүн аябагандай түнт жерде орун жок!» деп жазылган. Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү маалында Брюсселди так ушинтип атаган эле.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, жүрүшкө 10 миңге жакын киши катышууда. Алардын айрымдары атайын Германия, Франция жана Нидерландыдан барышкан. Жүрүштүн катышуучулары НАТОнун бюджетин көбөйтүүгө каршы болушуп, каражатты айлана-чөйрөнү коргоого жумшоого чакырышууда.

Акыркы сааттарда Брюсселдин борборунда кандай окуялар болгондугу тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун украин кызматынын кабарчысы Григорий Жигалов айтып берет.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости